Үч жашынан баштап бою өспөй калган Айдана: мени жалооруп карабагыла!

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваДевушка с ОВЗ Айдана Ниязбекова
Девушка с ОВЗ Айдана Ниязбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдана Ниязбекованын үч жашынан баштап бою өспөй токтоп калган. "Себебин бир дагы дарыгер билбей койду" дейт өзү. Бою кыска болгондуктан көпчүлүк аны кичинекей кыз деп ойлошот. Бирок ал тагдырына нааразы эмес.  Кандай болсо, өзүн ошондой кабыл алат.

Максаттарына акырындык менен жетип келе жаткан Ниязбекова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маектешти.

— Алгач өзүңүз тууралуу азыноолак айтып бересизби?

— Ата-энем Кочкор районунан, бирок мен Бишкек шаарында эле төрөлгөм. Үч бир туугандын кичүүсүмүн. Агам менен эжемдин ден соолугу жакшы, алты саны аман. Мен деле жакшы эле төрөлүптүрмүн. Убагында басып, убагында эле тилим чыгыптыр. Болгону салмагым бир аз оор болуп төрөлгөм. Үч жаштан баштап колу-бутум өспөй, токтоп калыптыр. Дарыгерлер себебин ар башкача айтышты. Кээ бири кулатып алышкан десе, айрымдары белиң сынган дейт. Айтор, так диагнозум азыркыга чейин белгисиз. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАйдана Ниязбекованын үч жашынан баштап бою өспөй токтоп калган. "Себебин бир дагы дарыгер билбей койду" дейт өзү.
Үч жашынан баштап бою өспөй калган Айдана: мени жалооруп карабагыла! - Sputnik Кыргызстан
Айдана Ниязбекованын үч жашынан баштап бою өспөй токтоп калган. "Себебин бир дагы дарыгер билбей койду" дейт өзү.

— Дарылоого мүмкүн болбоптурбу?

— Айыктыра албай коюшкан го. Анын үстүнө убагында дарылатууга көп каражат керек болгон да. Апам болсо үчөөбүздү жалгыз чоңойтту. Атам мен алты жашка толгондо үй-бүлөсүн таштап, башка бүлө куруп кетиптир. Кыйынчылыктан качса керек...

— Ошол бойдон келген жокпу?

Буту баспаган баланын унаа айдаганын көрдүңүз беле? Видеомаек - Sputnik Кыргызстан
Буту баспаган баланын унаа айдаганын көрдүңүз беле? Видеомаек
— Жок. Азыр башка үй-бүлөсү бар. Ага караганда бир туугандары чалып, ал-абалымды сурап турушат. Бир ирет алардан телефон номурун алып чалып сүйлөшкөм. Анда-санда чалышып турабыз. Апамды кыйын учурда таштап кеткени үчүн эч кимибиз кечире алган жокпуз, кечирим сурап да келген эмес.

Улуу байкем үйлөнүп өзүнчө турат. Эжем болсо Россияда иштейт. Мени эч нерседен кем кылбай кийинтип-ичинтип жаткан эжем. Турмушка чыкпай башкалар сени байкуш деп ойлобосун деп кымбат кийимдерди алып берип, өзүңдү өзгөлөрдөн кем сезбе деп турат. Апам болсо азыр чакан ишкерлик менен алек. Экөөбүз калаада батирде жашайбыз.

— Мектепте окудуңуз да?

— Ооба, Бишкектеги №72 мектепти аяктагам. Болгону 1-класска убагында эмес, үч жыл кеч бардым. Мектепке өзүм жалгыз эле барып келчүмүн. Классташтарым мени шылдыңдап же кемсинткен учурлар такыр болгон жок. Тескерисинче, сумкамды көтөрө калышып жардамдашып турушчу. Мектепти бүткөндөн кийин Экономика жана каржы колледжинде окудум. Негизи кичине кезимде журналист болгум келчү. Бирок абалыма байланыштуу ал кесипти тандай алган жокмун. Отуруп иштегенге ылайыктап бухгалтердин окуусун окудум. Азыр билимимди жогорулатып улуттук университеттин экономика факультетинде билим алуудамын. Буюрса, келечекте кеңседе отуруп иштеген кызматкер болгум келет. Ошондой эле мамлекеттик кызматта иштеп, жеңилдетилген насыя менен үйлүү болсом деген да максатым бар. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваБою кыска болгондуктан көпчүлүк аны кичинекей кыз деп ойлошот. Бирок ал тагдырына нааразы эмес. Кандай болсо, өзүн ошондой кабыл алат.
Үч жашынан баштап бою өспөй калган Айдана: мени жалооруп карабагыла! - Sputnik Кыргызстан
Бою кыска болгондуктан көпчүлүк аны кичинекей кыз деп ойлошот. Бирок ал тагдырына нааразы эмес. Кандай болсо, өзүн ошондой кабыл алат.

— Боюңуздун узундугу канча?

— 120 сантиметр. Көбү мени 24 жашта деп ойлошпойт. Колледжде окуп жүргөндө кыздар менен караокеге барып калдык. Ал жерден күзөтчүлөр "сиз кичине кыз экенсиз, 18ге чыга элексиз, киргизе албайбыз" деп туруп алышты. Ары айтсам, бери айтсам да ишенбей коюшту. Анан апамдарга "телефондон паспортумдун сүрөтүн салгылачы" деп сурандым. Ошентип паспортумду көрсөтүп анан киргем.

— Азыр андай учурлар болбойбу?

— Жок, азыр ишенишет.

— Көчөгө чыксаңыз бою кичинекей экен дегенсип деп баары карайбы?

— Ооба. Ушул нерсе мага такыр жакпайт. Анан дагы сөөмөйү менен көрсөтүп караганда жаным кашайып кетет. Мүмкүнчүлүгүбүз эле чектелип калганы болбосо, катардагы эле адамбыз. Бизди эч качан жалооруп карабагыла!

— Айрым мүмкүнчүлүгү чектелген кишилер коомдон корунуп, өзүн ыңгайсыз сезе берет. Сиз байкасам ачык-айрым адам экенсиз...

—Мунун себеби мен катардагы балдардай эле мектепке барып, коомчулук менен бала кезимен эле аралашканым болсо керек. Көпчүлүк "мүнөзүң жакшы, сенин ордуңда башка бирөө болсо кейип, үйдөн чыкпай отура бермек" деп айтышат. Жашоомо нааразы эмесмин. Бул да болсо Кудайдын берген сыноосудур. Депрессияга түшүп, ыйлай бергенден майнап чыкпайт. Өзүм да көп ыйлаганды жаман көрөм. Кандай болсом, өзүмдү ошондой кабыл алам. 

© Фото / Бектур БайсекеевНиязбекова: апам азыр чакан ишкерлик менен алек. Экөөбүз калаада батирде жашайбыз
Үч жашынан баштап бою өспөй калган Айдана: мени жалооруп карабагыла! - Sputnik Кыргызстан
Ниязбекова: апам азыр чакан ишкерлик менен алек. Экөөбүз калаада батирде жашайбыз

— Коомдук иштерге да активдүү катышат экенсиз ээ?

Жашоом өзгөрдү... Майыптыгы бар кыздар бет боеп, тырмак жасаганды үйрөнүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жашоом өзгөрдү... Майыптыгы бар кыздар бет боеп, тырмак жасаганды үйрөнүүдө
— 2015-жылы "Келечек плюс" коомдук фондуна кирип калдым. Фондго ар түрдүү майып адамдар мүчө. Ал жактан өзүмө окшогон тагдырлаш досторду таптым. Ачылбаган адамдар ошол жактан ачылды. "Өзүмө өзүм режиссер" деген долбоордун алкагында калаадагы майыптарга шарт түзүлбөгөн жерлерди тарттык.

Мындан сырткары, тырмак жасаган курсту жакшы баа менен аяктадым. Азыр үйдөн буйрутма алып тырмак жасап иштейм. Азырынча кардарым аз. Бирок бара-бара көбөйөт деп ойлойм. Салондорго барып иштейин десем, өзүм жалгыз коомдук транспортко ходунок менен түшө албайм. Тапкан акчам таксиге эле кетип калат экен. Мурда шаарда өзүм эле жүрө берчүмүн. Азыр чоңойгон сайын белиме күч келип таяк, ходунок менен жүрүп калдым.

— Майыптыгы бар адамдарга шаар ичинде жүрүү оңой эмес экенин өткөндө видео материал тартып жатып көрдүк. Эч кандай шарт түзүлбөптүр.

— Туура. Мисалы, мени коомдук транспорт ходунок менен салбайт. Айдоочу "орун жок" деп эле ачык айтат. Канча аракет кылдык, болбой койду. Тротуарлар да талкаланган.

— Үй жумуштарын жасай аласызбы?

— Апам "өмүр бою жаныңда жүрбөйм" деп баарын үйрөткөн. Тамактын түрүн жасайм. Апамдын берген тарбиясына ыраазымын. Үйдүн кичүүсү болсом да эркелетпей, катуу кармаган. Балким, кичүүсү деп көзүмдү караса, башкача өсүп калат белем. Апамдын тарбиясынын таасиринен улам өзүмдү өзүм аз болсо да камсыз кыла алам, түнт эмесмин. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваНиязбекова: мүмкүнчүлүгүбүз эле чектелип калганы болбосо, катардагы эле адамбыз. Бизди эч качан жалооруп карабагыла!
Үч жашынан баштап бою өспөй калган Айдана: мени жалооруп карабагыла! - Sputnik Кыргызстан
Ниязбекова: мүмкүнчүлүгүбүз эле чектелип калганы болбосо, катардагы эле адамбыз. Бизди эч качан жалооруп карабагыла!

— Сүйлөшкөн адамыңыз барбы?

— Жигитим жок. Бирок убагы келгенде мени түшүнгөн адамга турмушка чыгып, бала-чакалуу болгум келет.

— Кандай жигиттер жагат?

— Түшүнүктүү, сөзүнө турган жигиттер жагат. Мектепте окуп жүргөндө балдардын келбетин аябай карачусуң дешет. Ыр, бийге даярданганда "сулуу бала менен бийлейм" деп тандачу экенмин.

Жаңылыктар түрмөгү
0