Тажибаев: Мамгеологиядагы директор кызматкер аялга төшөк мамилесин сунуштаган

© Sputnik / Жоомарт УраимовОфис кызматкери. Архив
Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоо-кен металлургиясы боюнча кесиптер бирлиги жумушта аял кишиге тийишкендиги үчүн аткаминерди ишинен айдоону талап кылууда.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясы мамлекеттик ишканасынын директору кол алдындагы кызматкерине тийишкен деп билдирди Тоо-кен металлургиясы боюнча кесиптер бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев.

Кесиптер бирлигине аталган ишкананын кызматкери кайрылып, директор ага бир нече ирет төшөк мамилесин сунуштагандыгын айткан.

Тажибаев арыз менен кайрылган аял ал учурду видеого жазып алгандыгын жана эгерде интимдик байланышка барса, директордун ишиндеги 0,5 ставкасын калтырууну убадалагандыгын айткан.

Эркек жана аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаш-кары дебей тийишкен эркектер көбөйдү... Ажырашкан аялдын арыз-муңу
Кесиптер бирлигинин маалыматына караганда, милиция 11-октябрда бул окуя боюнча ишти (харрасментти) Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки ишти баштаган.

Тажибаев Кыргызстандын Баш мыйзамында ар бир адамдын эркиндиги жана ага эч кимдин кол тийбестиги каралгандыгын айткан.

Кыргызстандын Эмгек кодексинин 9-беренесинде ар бир адамдын өзүнүн эмгектик укуктары менен эркиндигин ишке ашырууга бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин эске салган.

Төрага 21-июнда Эл аралык эмгек уюму иште Зордукчулук жана кармалап, тийишүүгө каршы конвенция кабыл алгандыгын билдирген. Анда иштеген ар бир адамдын укугу, эркиндиги, зордук-зомбулуктан эркин болушу тууралуу айтылгандыгын кошумчалады.

Кыргызстан тоо-кен металлургиясы боюнча кесиптер бирлиги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасына аталган аткаминерди иштен алуу туурасында кат жолдогон.

Азырынча аталган комитет менен шектелип жаткан адам унчуга элек.

Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан аталган аялдын арызы Жазык кодексинин " Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо " деп аталган 163-беренеси менен катталгандыгын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0