Милиция: Бишкекте адашып кеткен эне үйүнө аман-эсен жеткирилди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКары аял. Архив
Кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адашкан карыя 1938-жылкы С.Б. аттуу адам экени белгилүү болду. Текшерүү учурунда анын жашаган жери аныкталып, үйүнө жеткирилди.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Милиция Бишкекте адашып кеткен эненин дайын-дарегин тактап, үйүнө аман-эсен жеткирди. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарга карыган эне адашып кеткени боюнча билдирүүлөр тараган болчу.

"12-октябрь күнү саат 20.30дар чамасында 102 кызматына Батыш автовокзалы тарапта адашып кеткен эне жүргөнү тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барып, карыяны Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алып келишкен", — деп айтылат маалыматта.

Текшерүү учурунда 1938-жылы туулган С.Б. аттуу эненин жашаган жери аныкталып, үйүнө аман-эсен жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0