Кайра-кайра баш тартып... Атамбаевди сотко алып келүүнүн жолу барбы?

© AFP 2023 / VYACHESLAV OSELEDKOСитуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камакта отурган мурунку президент Алмазбек Атамбаев уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупцияны уюштурууга шектелип жатат.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Биринчи Май райондук сотунда 14-октябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча сот отуруму болуп, ага айыпталуучулардын бири Алмазбек Атамбаев кайрадан келбей койду. Мурдагы президент буга чейинки сот отурумуна да катышуудан баш тарткан болчу.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташы Алга Кылычев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алга Кылычев Атамбаевге каршы көрсөтмө берип жатат. Адвокат чоо-жайын айтты
Атамбаевдин сот отурумуна эки жолу келбей койгонунан улам "кандай жол менен алып келүүгө болот?" деген суроо ачык бойдон турат.

Башкы прокуратуранын жазык жана жарандык иштер боюнча башкармалыгынын улук прокурору Медербек Абдышев райондук сот кийинки отурумга Атамбаевди алып келүү тууралуу токтомду чыгарып бергенин айтты. Ал журналисттердин "Атамбаев күч менен алып келинеби?" деген суроосуна бүгүнкү отурумда андай сөз болбогонун белгиледи.

Абдышев эгер Атамбаев "сот ишин менин катышуумсуз өткөрө бергиле" деген арыз жазып берсе, сот отуруму уланмактыгын билдирди.

"Жазык процессуалдык кодексинин 286-беренесинин талаптарына ылайык, сот отуруму айыпталуучунун катышуусу менен болушу керек. Сотто Атамбаев бүгүн да "камерадан чыкпайм" деп айтканы тууралуу түзүлгөн актыны конвойдун жетекчиси бизге алып келип берди. Атамбаевдин жоктугуна байланыштуу сот отуруму жылдырылды. Эгер айыпталуучу "менин катышуумсуз сот отурумун өткөрө бергиле" десе, соттун ошондо гана ишти кароого укугу бар", — деди Абдышев.

Депутат ЖК КР от партии СДПК Асель Кодуранова - Sputnik Кыргызстан
Депутат Кодуранова спецназды барымтага алган деп күнөөлөндү. Сот кандай чечти?
Ал ошондой эле Атамбаев сотко келүүдөн дагы баш тартса, аны алып келүүнүн жолу кандай чечилери тууралуу суроолорго да жооп берди.

"Бул маселени эртең сот отуруму учурунда талкуулап, тактайбыз. Кандай чечим кабыл алына турганына өзүңөр күбө болосуңар", — деди Абдышев.

Атамбаевдин жактоочуларынын бири Сергей Слесарев сот Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан мурдагы президентти күч менен алып келүүнү талап кылып жатканын белгилеп, бирок алардын андай укугу жок экенине токтолду.

"Убактылуу кармоо жайындагыларды жана камерадан чыгуудан баш тартып жаткан айыпталуучуну сотко милдеттүү түрдө алып келүү мыйзам менен жолго салынган эмес. Бул мыйзамдагы боштук. Маселе кандай чечиле турганын жакын арада көрөбүз", — деди ал.

Адвокат, андан сырткары, Алмазбек Атамбаев азыр камакта эмес, мамлекеттик кайтарууда болушу керектигин кошумчалап, тагылып жаткан айыптардын баары негизсиз экенин айтты.

Биринчи Май райондук сотунун өкүлү Асел Равшанбекова биринчи инстанцияга документтер октябрдын башында келип түшкөнүн маалымдады.

Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойдон жолуккан Текебаев, Бабанов, Атамбаев. Талкууга түшкөн сүрөт
"2019-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүнө Атамбаев, Жолдубаева, Качкыналиев жана Райымжановго козголгон кылмыш иштери боюнча материалдар келип түшкөн. Алар коррупция беренеси менен айыпталып жатат. Ушул жылдын 7-октябрындагы токтому менен Жазык процессуалдык кодексинин 270-беренесинин талаптарына ылайык 11-октябрга алдын ала угуу процесси дайындалган. Бирок ага соттолуучу Атамбаев келбей калгандыктан сот 14-октябрга жылдырылган. Бүгүнкү сот отурумуна да айыпталуучу келген жок. Андыктан сот отурумуна 15-октябрь саат 14:00гө чейин тыныгуу жарыяланды", — деди Равшанбекова.

Атамбаевдин айыбы эмнеде?

Камакта отурган мурунку президент Алмазбек Атамбаев уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупцияны уюштурууга, башкача айтканда, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна тиешеси бар деп шектелип жатат. Мындай айыпты ага Башкы прокуратура таккан.

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу делип бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен. 2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган.

Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтүн 9-декабрга чейин узартты - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин жан сакчысы Сагымбаевдин камактагы мөөнөтү узартылды
2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0