Кеңседе отуруп иштөөнүн кесепети айтылды. Изилдөө

© AFP / ED JONESОфис кызматкерлери. Архив
Офис кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеңсе жумушундагы кыймылдын аздыгы, стресстик абал, желдетилбеген бөлмө кызматкерлердин ден соолугуна бир катар коркунуч жаратат.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кеңсе жумушу адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, ооруга чалдыктырышы мүмкүн. Алардын арасынан эң кооптуусу невротизм экенин Россиядагы Измеров атындагы илимий-изилдөө академиясынын окумуштуулары иликтеп чыкканын "Известия" басылмасы жазды. 

Невротизм — бул эмоционалдык туруксуздук. Буга кеңсе жумушундагы кыймылдын аздыгы, стресстик абал, желдетилбеген бөлмө себеп болот.

"Учурда көпчүлүк шаарларда кызматкерлерге талап жогору, бирок эмгек шарты анча жакшы эмес. Мисалы, кызматкерлерге социалдык колдоо көрсөтүлбөйт. Айрым жумуш берүүчүлөр имаратта желдетүү системасын талапка ылайыктабай туруп эле бир бөлмөгө адамдарды нормадан ашык отургузат", — деп айтылат макалада.

Ал эми жумуштагы стресстик абал аялдарга гинекологиялык көйгөйлөрдү жаратып, эркектердин тукум улоо жөндөмүнө зыян келтирери айтылат.

Андыктан адистер кеңсе кызматкерлерине жумуш учурунда ар бир 15-20 мүнөт сайын ордунан туруп, кыймылдап коюуну сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0