Россия Кыргызстанга дагы бир мобилдик клиника белекке берди. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Минздрава КРРоссия Кыргызстанга бир дарылоо-диагностикалык мобилдүү клиниканы белекке берди
Россия Кыргызстанга бир дарылоо-диагностикалык мобилдүү клиниканы белекке берди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өлкөгө төрт мобилдик клиника берилип, алар Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарына бөлүнгөн. Жаңысы Баткенге берилери айтылды.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Россия Кыргызстанга бир дарылоо-диагностикалык мобилдүү клиниканы белекке берди. Ал Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө ВИЧ/СПИД жана башка ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча техникалык жардам берүү аймактык программасынын алкагында ишке ашты. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирмеге ылайык, былтыр берилген мобилдик төрт клиника ийгиликтүү иштеп жатат. Алардын жардамы менен Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарынын жашоочулары профилактикалык кароодон өтүүдө.

"Бул долбоордун жардамы менен алыскы аймакта тургандар инфекциялык оорулар тууралуу өз убагында маалымат ала алышат. Мындан тышкары, ВИЧ-инфекция, кант диабети, ИППП, вирус гепатитине (А,В,С,D) тест тапшырып, ички органдарын жана башка ооруларын УЗИден текшертсе болот", — деген саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев.

Жаңы клиника Баткен облусуна берилери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0