Sputnik Кыргызстанга 5 жыл! Журналисттер эсте калган эмгеги менен бөлүшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан маалымат агеттигинин кызматкерлери. Архив
Sputnik Кыргызстан маалымат агеттигинин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik агенттиги жаңы команда менен Кыргызстандын медиа рыногуна 2014-жылы кирип, өз ишин баштаган. Ушул күнгө чейин сайтка 137 297 материал жарыяланды. Анын ичинен орус тилинде — 76 561, кыргыз тилинде — 60 736.

Беш жылдын аралыгында Sputnik Кыргызстандын жамааты коомчулукта резонанс жараткан иликтөөлөрдү, эксклюзивдүү видеоматериалдарды даярдап, окуяларды ыкчам, так, бейтарап чагылдырып келүүдө. Мансабына манчыркап, элге артын салган көпөстөрдүн көкөйүнө көк таштай тийип, чыныгы жүзүн коомго ачыктап жатат.

Ошону менен катар эле улуттук баалуулуктарга жана туризм тармагына өзгөчө маани берүүдө. Бул жаатта өлкөдө аналогу жок ири долбоорлорду даярдап, окурмандарга тартуулады. Ага улай эле ар тармактан ийгилик жараткан дилгир улан-кыздардын кызыктуу маектерин жарыялап турат.

Агенттиктин кабарчылары муктаж адамдарга кайрымдуулук жасоого, социалдык көйгөйлөрдүн түйүнүн чечүүгө себепчи болууда.

Быш жылдык мааракени утурлай Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисттери жасаган эмгектери тууралуу ой бөлүшүп, өзгөчө бир макаласына токтолот.

...Дайым кайгыруу менен эстейбиз. Катарыбыздагы кесиптешибиз Исмаил Мамытовдун былтыр дүйнөдөн мезгилсиз кайтышы эмгек жамаатыбыз үчүн орду толгус жоготуу болду. Көзүү тирүү болсо ал да коомго пайдалуу бир топ эмгектерди жасап, редакциябыздын ишин алга сүрөмөк.

Нургүл Максутова

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Сынган кылыч" аудио китеп долбоору дал ушул адамдардын колунан чыккан. Оңдон солду карай, биринчи катарда: Нургүл Максутова, Канышай Бешбаева Экинчи катарда: Максим Марочкин, Эрнис Алымбаев, Даниил Сулайманов, Олег Котов. Булардан башка үч актер — Жолдошбек Жанжигитов, Анара Ажыканова, Атай Өмүрбеков үн менен коштоп окуган.
Sputnik Кыргызстанга 5 жыл! Журналисттер эсте калган эмгеги менен бөлүшөт - Sputnik Кыргызстан
"Сынган кылыч" аудио китеп долбоору дал ушул адамдардын колунан чыккан. Оңдон солду карай, биринчи катарда: Нургүл Максутова, Канышай Бешбаева Экинчи катарда: Максим Марочкин, Эрнис Алымбаев, Даниил Сулайманов, Олег Котов. Булардан башка үч актер — Жолдошбек Жанжигитов, Анара Ажыканова, Атай Өмүрбеков үн менен коштоп окуган.

...Жай айларынын биринде кеч курун иштен кайтып баратып жолдо катарлаша токтоп турган автоунаадан тааныш үндү эшиттим. Терезелери түшүрүлүү экен. Жол тандабас тарапты жалт карадым... Чачын тасырайта алдырган орто курактагы эркек киши үнүн катуу чыгарып, Sputnik сайтынанбы же радиодонбу "Сынган кылыч" романынын аудио версиясын угуп келе жатыптыр.

"– Хайт де! Айт де! Карышкыр тузакка кабылды... Өзү келип кабылды. Хайт дегиле! Орогула... Тепсеп өткүлө...".

Шаардын жашоо образына туура келбеген бул өктөм үн Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндөгү автоунаадан светофор жашыл күйгүчө абага жаңырып турду...

Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина - Sputnik Кыргызстан
Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек
Ыймандай сырым, сыймыктанып койдум. Ананчы! Түйшүктүү жети айдан кийин, мындан туура эки жыл мурда жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романынын аудио версиясын окуялардын картасы жана каармандардын таржымалы менен кошуп, окурмандарга тартуулаганбыз. Ишти жаңы баштап жатканда мынчалык машакаттуу болорун билбегенимди азыр мойнума алам... Эмгек өргүүгө кетпей, тырышып иштегеним эсимде... Анткен менен азыр толук ишеним менен Кыргызстанда буга чейин жасала элек мыкты эмгек болгонун айта алам. Бул жалгыз менин - Нургүл Максутованын эмес, Sputnik Кыргызстанда иштегендердин ичинен жети кишинин көз майын коротуп жасаган продукциясы. Учуру келгенде айта кетүүнү эп көрүп турам, 27 сааттык аудио эмгекти жаратууга Sputnik агенттигинен Эрнис Алымбаев, Канышай Бешбаева, Даниил Сулайманов, Михаил Дудин, Олег Котов, Максим Марочкин иштесе, кыргызстандык актёрлор Жолдошбек Жанжигит, Анара Ажыканова, Атай Өмүрбеков романдагы каармандарга үн берди. Демилге биздин креативдүү продюсер Эрнис Алымбаевге таандык.

Андан кийин деле журналисттик, кабарчылык көп эле эмгектер жасалды, дагы деле жасалууда. Бул сыяктуу масштабдуу бир топ пландар да бар. Антсе да ушул эмгек жүрөгүмө, дилиме жакын экендигин дагы бир ирет баса белгилеп айткым келди.

...Адамзаттын кылык-жоруктары, атасы менен уулун кырды бычак кылып, эли менен журт башчысын касташтырган бийлик. Бийлик менен мансаптын даамын таткандан кийин пендечиликтин, ач көздүктүн, кесирликтин, текеберликтин сазына батып, адамдык насилден ажырап калгандык. "Бектер кетет эл калат" деген алмаздай сөздүн барк-баасын көзгө сайып көрсөткөн, ар мезгилде актуалдуулугун жоготпогон "Сынган кылыч"...

Расул Үсөналиев

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист Расул Үсөналиев
Sputnik Кыргызстанга 5 жыл! Журналисттер эсте калган эмгеги менен бөлүшөт - Sputnik Кыргызстан
Журналист Расул Үсөналиев

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги 2014-жылдын декабрынан бери өлкөнүн маалымат айдыңына кирип, андан бери өзүнүн ордун тапты. Аталган агенттиктин түптөөчүлөрүнүн бири катары беш жыл аралыгында ар кандай окуяларга күбө болдук. Айтсак, Бишкектеги элчиликтердин бирине террорчулардын кол салышы, митингдер жана эң башкы саясий окуялар — парламенттик шайлоо менен президенттик шайлоого катышып, анын жүрүшүн жалпы журтка чагылдырып бердик.

Ушул окуялардын ичинен эң эсте калганы Сооронбай Жээнбековдун президент катары журналисттер үчүн уюштурган алгачкы маалымат жыйыны болду. Бул жыйында Жээнбеков биринчи жолу эл алдында туугандары эмне жумуш кыла турганын так айтып берген. Андан сырткары, учурда коомдун аябай талкуусуна алынган бир тууган Матраимовдор боюнча да пикирин билдирген болчу.

Бегимай Бакашева

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист Бегимай Бакашева
Sputnik Кыргызстанга 5 жыл! Журналисттер эсте калган эмгеги менен бөлүшөт - Sputnik Кыргызстан
Журналист Бегимай Бакашева

Sputnik агенттигинде иштегенден бери эмне деген гана темаларды жазган жокпуз? Экономикалык, саясий жана социалдык темаларда бир топ иликтөөлөрдү кылып, сюжеттерди тарттык. Ал макалаларыбыз кимдир-бирөөнүн жашоосуна чоң өзгөрүүлөрдү алып келген учурлар болду. Бирок бүгүн менин эсиме кайсы бир макаланын өзү эмес, бир маегимдин каарманы түштү. Атбашылык топозчу кыз Замира Омората абдан чоң таасир калтырган, ар тараптан... Өзү турмушка дагы чыга элек кыз киши, мурда борбордо программисттин окуусун бүткөн. Кийин баарын таштап, атасы ак эмгек менен кураган мал-жанды улап кетиш үчүн айылга барып, Кытай менен чектешкен жерде, Ак-Сай жайлоосунда топоз багып калган. Жөн эле бакпай, алардын санын бир топ көбөйтүп алган. Азыр кыз эмес эркек бала качып жүргөн айыл жергесинде, болгондо дагы ошончолук катаал шартта ушунча эмгек кылыш эмне деген эрдик?! Маекке эки жылдай убакыт болуп калды. Бирок ал тууралуу менден дагы деле кызыгып сурагандар бар.

Таалайгүл Усенбаева

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист Таалайгүл Усенбаева
Sputnik Кыргызстанга 5 жыл! Журналисттер эсте калган эмгеги менен бөлүшөт - Sputnik Кыргызстан
Журналист Таалайгүл Усенбаева

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине келгениме быйыл туура үч жыл болот экен. Куттуу жерден көп нерсе үйрөндүм. Иш билги, адамгерчиликтүү, жөнөкөй адамдар эмгектенишет. Редактор, кесиптештердин көмөгү менен башкаларда жок рубрикаларыбыз чыкты. Маек алуунун сырлары, репортаж жасоо, текстти кыска, так, түшүнүктүү жазуу боюнча мол тажрыйба алдык. Агенттиктеги көзгө көрүнөрлүк жумушум деп "Салттуу баш кийимдер" тууралуу материалыбызды атай алам. Албетте, бул бир адамдын эмгеги эмес. Эрнис Алымбаевдин продюсерлигинин алдында "Кийиз дүйнө" коомдук фонду менен биргелешип жасалган иш. Бул материалды даярдоого эки-үч айга чукул убакыт кетти. Бирок жыйынтыгы окурмандарды кубантты деп ойлойм. Себеби анын ичинде көз кубанткан сүрөттөрдөн сырткары кыргыздын ар бир салттуу баш кийиминин тарых-таржымалы жазылган. Биз ал маалыматтарды ар кандай илимий эмгек, китептерден издеп таап чогулттук. Улуу-кичүү, окуучу, студент дебей бардык адамдарга кызыктуу, керектүү материал чыгарып алдык.

Мирбек Сакенов

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист Мирбек Сакенов
Sputnik Кыргызстанга 5 жыл! Журналисттер эсте калган эмгеги менен бөлүшөт - Sputnik Кыргызстан
Журналист Мирбек Сакенов

Эмгек жолумда тарыхый окуяларды баяндаган мыкты материалдарды жасаганга бел байладым. Сандыктагы архивдик кадрларды таап чыгып, элдин назарына сунуштадык. Алардын ичинен буга чейин кеңири изилденбеген Чоң Чүй каналынын курулушу жөнүндөгү лонгрид негизги эмгектеримдин бири болду. Бул долбоордун үстүнөн эки айдай иштеп, кесиптештеримдин жардамы менен мыкты материал жарата алдык. Анда архивдеги документтерден жаңы маалыматтарды таап, окурмандарга жеткиргенбиз.

Гүлдана Талантбекова

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист Гүлдана Талантбекова
Sputnik Кыргызстанга 5 жыл! Журналисттер эсте калган эмгеги менен бөлүшөт - Sputnik Кыргызстан
Журналист Гүлдана Талантбекова

Sputnik Кыргызстан агенттигине 2015-жылы күзүндө келдим. Иш билги редактор, кесиптештеримдин аркасы менен түрдүү темада жана форматта материалдарым даярдалып келе жатат. Мен үчүн ар биринин өз орду бар. Акыркы эки жылдан бери спорт темасын көбүрөөк жазып атам, бирок адисмин деп эсептебейм. Былтыр, 2018-жылы, "Айласыздан залдагы байкени "доктур" кылып алган. Өлкөдөгү спорт медицинасынын кейпи" аталышындагы макалам чыккан. Маселе азыркыга чейин толук чечилбей келет. Өлкөдө бардык талаптарга төп келген спорттук бейтапкана жок, окуу жайлардан адистер даярдалбайт. Совет убагынан бери иштеп келе жаткан жалгыз спорттук дарыгер Бактыгүл Алишева гана бар. "Спортчулардын ден соолугун чыңдабай туруп, жеңиш күткөнүбүз туурабы?" деп өзүмө суроо бергенден тажабайм.

Эламан Карымшаков

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист Эламан Карымшаков
Sputnik Кыргызстанга 5 жыл! Журналисттер эсте калган эмгеги менен бөлүшөт - Sputnik Кыргызстан
Журналист Эламан Карымшаков

Sputnik Кыргызстандын казанында кайнап жүргөнүмө үч жылдын жүзү болду. Социалдык жана саясий темалар боюнча көбүрөөк иштеп жатам. Анткени карапайым калкты көз көрүнөө алдап, беш колун оозуна салып элдин ырыскысын жегендерди унчукпай карап отура албайт экенсиң. Алешем иштердин алдын алуу, чалагайым аткаминерлердин көмүскө иштерин ачыктоо максатында чакан иликтөөлөрдү жасап келем. Эмгектеримдин ичинен "Айыл чарба министрине чириген картошка белекке берилди" деген материал коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Көйгөй чечпеген министрге дыйкандардын арыз-муңун өзгөчө ыкма менен жеткиргенибиз элдин купулуна толду окшойт. Анткени министр Нурбек Мурашев "картошканын баасы көтөрүлөт" деп убада бергенден тажаган эмес, бирок 3-5 сомдон ашпай койду. Ошондон кийин Мурашевдин сындан башы чыккан жок. Акыры премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да тилдегенде кызматын тапшырууга аргасыз болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0