Кыргызстандык эки окуучу Иран олимпиадасында эки медаль алды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОкуучу. Архив
Окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Геометрия боюнча олимпиада муну менен алтынчы жолу өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 мамлекетинен 6200 окуучу катышкан.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Иран олимпиадасында Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин окуучусу Барчынбек уулу Сыймык коло, Ош шаарынын "Сема" лицейинин окуучусу Адил Абдирасулов күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жалпысынан кыргызстандык 78 окуучу (7-11-класстар) геометрия сабагы боюнча Ирандын 6-дистанттык олимпиадасына катышкан.

"Жеңүүчү болгон жогорудагы эки окуучу 11-класстар үчүн олимпиаданын татаал вариантынан өтүшкөн. Андан сырткары, "Келечек", "Газпром", "Сапат" жана Бишкектеги №61 мектептин 7-8-класстарынын окуучулары жакшы көрсөткүчтөрдү жаратып, 4-даражадагы грамоталарды алышты", — деп айтылат маалыматта.

Геометрия боюнча Иран олимпиадасы 6-жолу өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 мамлекетинен 6200 окуучу катышкан.

Министрлик олимпиаданын 50 тапшырмасы Россия, Польша, Улуу Британия, Вьетнам, Голландия, Македония, Косово жана Ирландиядагы авторлор тарабынан даярдалгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0