ОШ, 16-июн. — Sputnik. Кара-Cуу райондук шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыктын эмгек жамааты 17-октябрь күнү иш таштоого чыгат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине башкармалыктын юристи Майрамбек Бойтоев билдирди.
Анын айтымында, 15-октябрь күнү Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы Бактыбек Абдиевге акция өтө тургандыгы боюнча арыз жолдонгон.
Архитектура боюнча башкармалыкта жалпы 75 кызматкер эмгектенсе, анын 60ы иш таштамакчы.
Бойтоев билдиргендей, эмгек жамаат башкармалыктын башчысы Марат Шариповдун ишмердүүлүгүнө нааразы жана анын кайрадан кызматка дайындалышына макул эмес.
"2019-жылдын 21-июнунда башкармалыктын жетекчиси Марат Шариповдун кызматкерлерге жасаган орой мамилеси жана коррупциялык иштери боюнча Мамлекеттик курулуш агенттигине жана райондук администрацияга эмгек жамааттын атынан арыз менен кайрылганбыз. Анын негизинде Мамлекеттик курулуш агенттигинен атайын комиссия келип, 8-июлдан 13-июлга чейин текшерүү иштерин жүргүзгөн. Комиссия алгачкы жыйында эмгек жамааттын талаптарын жана башкармалыктын жетекчисинин коррупциялык иштери боюнча далилдүү фактыларын угуп, Шариповго байланышка чыгышкан", — деди Бойтоев.
Бойтоевдин айтымында, комиссия Шариповду экинчи жыйындан соң кызматтан четтеткен.
"Ээлеген кызматынан бошотулган Шариповду 14-октябрь күнү кайрадан мурунку кызматына дайындоо боюнча буйрук келип түштү. Эмгек жамаат бул буйрук менен макул эмеспиз. Себеби башкармалыктын башчысынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын чечими менен эмгек жамаат бүгүнкү күнгө чейин тааныша элек. Эмне үчүн аны жашырып жатышат?" — деп суроо салды Бойтоев.
Буга нааразы болгон башкармалыктын кызматкерлери эртең 17-октябрь күнү иш таштамай болуп жатышат.
Марат Шариповдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.
Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду.
Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Айзада Канатбекова киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган үч милиция кызматкери жазаланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөт, анын ичинде кылмыш катталган жерге ташталган медициналык кол каптар боюнча фактынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн башкы максаты милдетин так аткарбай, көңүл кош мамиле жасаган кызматкерлерди жоопко тартуу болгон.
5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.
Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.