Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү

Атамбаевдин жактоочусу кылмыш куугунтугун токтотууну өтүндү. Соттун жообу

698
(жаңыланган 11:51 16.10.2019)
Мурдагы президенттин жактоочусу ага карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, кылмыш куугунтугун токтотуу боюнча өтүнүч кылган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш куугунтугун токтотуу боюнча жактоочусунун өтүнүчүн сот канааттандырган жок. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Жакында эле кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурум болгон. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тартып, барбай койгон. Атамбаевдин адвокаттары мурдагы президент "азыркы бийликтин оюнуна катышпайм" деп айтканын билдиришкен. Ошентип отурумду ансыз өткөрүү чечими кабыл алынган.

Сот иши жабык эшик артында өтүп, ага бир катар айып тагылгандар келди. Арасында мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева дагы бар.

Процесс бүгүн дагы уланууда.

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу делип бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен.

2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

698
Белгилер:
өтүнүч, жактоочу, Башкы прокуратура, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы (106)
Тема боюнча
Сот Батукаевдин ишин Атамбаевсиз карамай болду
Кайра-кайра баш тартып... Атамбаевди сотко алып келүүнүн жолу барбы?
Атамбаев Батукаевдин иши боюнча сотко келүүдөн кайра баш тартты

Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео

41
(жаңыланган 16:48 29.10.2020)
"Түндүк электр" ишканасы алгач жарык ТЭЦтеги аварияга байланыштуу өчүп жатканын айткан. Бирок кийинчерээк автоматтык коргоо тутуму иштеп кеткенин билдирди.

Бишкек ТЭЦтин аймагынын бир нече жеринен уюлгуган буу чыгып жатат. 

Ордо калаада болжол менен 13:10дор чамасында Бишкектин бир топ жеринде электр кубаты өчүп баштаган.

Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Воропаев билдирүү жасады

Азыр Бишкектин айрым жерлеринде жарык берүү жанданып, бирок кайра өчүп калууда. 

"Түндүк электр" ишканасы алгач жарык ТЭЦтеги аварияга байланыштуу өчүп жатканын айткан. Бирок кийинчерээк автоматтык коргоо тутуму иштеп кеткендиктен буу чыкканын билдирди.

41
Белгилер:
Сүрөт, жарык өчүрүү, ТЭЦ, Бишкек
Тема боюнча
Жарык жапырт өчкөндөн кийинки ТЭЦтеги абал. Видео
Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады
Бишкек ТЭЦ ишкананын директору Андрей Воропаев. Архивдик сүрөт

Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Воропаев билдирүү жасады

387
(жаңыланган 15:24 29.10.2020)
Бишкекте саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштады. Анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыккан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинде эч кандай авария болгон жок. Бул тууралуу ишкананын директору Андрей Воропаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, биринчи подстанциянын коргонуучу системасы иштеп кеткен.

Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады

"Кабатыр болууга эч кандай негиз жок. Авариялык коргонуучу система иштеп кеткендиктен ТЭЦтен буу чыкты. Ал түтүн эмес. Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок. Буу казан жарылып кетпеши үчүн бууну чыгарып салды", — деди Воропаев.

Ал ошондой эле учурда калыбына келтирүү иштери 75 пайызга аяктап калганын, бир сааттын ичинде баары жайында болорун белгиледи.

Белгилей кетсек, Бишкекте саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштады. Анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыккан.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.

387
Белгилер:
БУУ, ТЭЦ, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады
"Түндүк электр": жарык ТЭЦтеги аварияга байланыштуу өчүп жатат
Жарык жапырт өчкөндөн кийинки ТЭЦтеги абал. Видео
Кыргыз сом монеталары. Архив

Кыргызстан 4,1 млрд. сом карызын төлөбөй турууга макулдашып жатат. Шарттары

0
(жаңыланган 16:57 29.10.2020)
Министр өлкөнүн ички жана сырткы карызы азыркы тапта 4,8 миллиард доллар (378 миллиард сом) экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кыргызстан чет элдик донорлордон алган карызынын төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашып жатат. Бул тууралуу финансы министри Кыялбек Мукашев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Париж клубу жана донорлор менен түздөн-түз сүйлөшүү жүрүп жатат.

"Учурда 4,1 миллиард сом төлөөнү кийинки жылга жылдыруу боюнча келишимдер каралып жатат. Ага ылайык, быйыл жана эмдиги жылы төлөбөй тура алабыз. Бирок кийинки үч жылда жеңилдик берилген мөөнөттө төлөнбөй калган каражатты кошуп төлөйбүз", — деди Мукашев.

Кыргызстандын тышкы карызы тездик менен өсүүдө. Инфографика

Ошондой эле министр өлкөнүн ички жана сырткы карызы азыркы тапта 4,8 миллиард доллар (378 миллиард сом) экенин кошумчалады.

0
Белгилер:
Финансы министрлиги, өкмөт, жылдыруу, мөөнөт, карыз
Тема боюнча
Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп