4 жыл мурда башталган. Боронов Алайда мектеп, бала бакчанын ачылышына катышты

© Sputnik / Табылды КадырбековПервый вице-премьер-министр КР Кубатбек Боронов
Первый вице-премьер-министр КР Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
225 орунга ылайыкташкан мектептин жаңы имаратынын курулушу 2015-жылы башталып, төрт жылдан кийин, тагыраагы, быйыл бүткөн.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Ош облусунун Алай районундагы бир нече социалдык объектилердин ачылышына катышты. 

© Пресс-служба правительства КРБиринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Ош облусунун Алай районундагы бир нече социалдык объектилердин ачылышына катышты
4 жыл мурда башталган. Боронов Алайда мектеп, бала бакчанын ачылышына катышты - Sputnik Кыргызстан
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Ош облусунун Алай районундагы бир нече социалдык объектилердин ачылышына катышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы Саты Токторов атындагы орто мектептин ачылышына катышты - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев Ноокатка барып төрт жылда курулуп бүткөн мектепти ачты. Сүрөт
Алгач жаңы бүткөн Күн-Элек орто мектебине барып, өкмөттүн атынан компьютердик техникаларды тапшырган. 225 орунга ылайыкташкан мектептин жаңы имаратынын курулушу 2015-жылы башталган. Учурда мектеп интернетке туташтырылган жана заманбап компьютердик техника менен жабдылган.

Боронов, андан сырткары, Ленин айыл өкмөтүндөгү Согонду айылындагы 60 балага эсептелген "Наристе-Согонду" бала бакчасынын ачылышына барган.

Биринчи вице-премьер Сопу-Коргон айыл өкмөтүнүн Бүлөлү айылынын жаңы курулган административдик имаратынын ачылышында болуп, Сопу-Коргон айылындагы спорт комплекстин курулушун баштап капсула салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0