Бишкекте 7 гектар жерди басып алууга аракет кылды деген 23 киши суралды

© Sputnik / Акылбек БатырбековНовостройка на окраине Бишкека. Архивное фото
Новостройка на окраине Бишкека. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
100гө чукул адам жети гектар жерди басып алууга аракет кылган. Бул окуядан кийин милиция жыйырма үч кишини кармады.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Калыс-Ордо жаңы конушунда жети гектар жерди басып алууга аракет кылды деп 23 киши милицияга жеткирилген, бирок сурактан кийин коё берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

2019-жылдын 15-октябрында жүзгө чукул адам Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо жаңы конушундагы жер тилкесин басып алууга далалат кылган. Бул окуя туурасында Бишкек мэриясына бишкектик аял арыз менен кайрылган.

"Тартип сакчылар милициянын бөлүмүнө муниципалдык жерди басып алууга аракет кылган 23 кишини жеткирди. Алардын ким жана каяктан экендиги такталгандан кийин күбө катары сурактан өтүштү. Тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң бошотулду", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 207-беренеси ("Бөтөн бирөөнүн жерин өз алдынча басып алуу") менен катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Учурда тергөө амалдары жана жерди мыйзамсыз басып алууну уюштургандарды аныктоо иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0