Бишкектин батыш тарабында суу өчөт. Тизме

Жазылуу
Буга байланыштуу шаардык мектептер жана бала бакчалар иштебейт. Ал эми медициналык жайлар менен төрөтканалар бейтаптарды штаттык режимде кабыл алат, суу камдалган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Эртең, 17-октябрда, борбор калаанын бир топ жерлеринде ремонт иштерине байланыштуу ичүүчү суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Ага ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин "Батыш" суутоптомунда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Суу Садыгалиев, Профсоюзный, Фучик көчөлөрү жана темир жол менен чектешкен бөлүгүндө өчүрүлөт.

Суу болбой турган башка аймактардын тизмеси:

  • Кызыл Аскер району, 110 квартал, Достук кичирайону;
  • №15, №49, №50, №54 мектептер;
  • №1 мектеп-интернат;
  • №159 бала бакча;
  • "Шоро" ЖАК;
  • "Жашылча", "Нургаз" (Управление сжиженного газа), "Глобал Групп", "Кыргыз Коньягы", "Тамга Таш ЛТД", "Ак Жол", "БПП Резьби" ЖЧКлары;
  • Улуттук Гвардиянын бир бөлүгү;
  • "Алтын Тамыр" ЖАК;
  • "Транс Союз Азия" ААК;
  • "Кыргызмебель" АТАК;
  • "Бишкек Петролиум" май куючу жайы;
  • ИИМдин атайын мектеби;
  • Сельсовет көчөсүндөгү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №1 филиалы;
  • Кайназарова көчөсүндөгү республикалык наркология борбору (№ 2 бөлүм);
  • "Илбирс" АКтын №4 филиалы;
  • "Асскон" (Авторемонт заводу) ААК;
  • "Полибетон" АК;
  • Автоколонна №2901;
  • №1 мектеп-интернат;
  • Газшаарча жана анын буу казандары турган үй;
  • Лумумба көчөсүндөгү аскер шаарчалары, аскер бөлүктөрү жана буу казандары турган үй;
  • Чүй проспектисиндеги райондук буу казан;
  • Лев Толстой, 232 дарегиндеги Мамлекеттик материалдар резерв фонду;
  • Лумумба көчөсүндөгү УКМКнын башкармалыгы;
  • Батыш райондук электрдик тармак;
  • "Бишкек эт комбинат" ААК;
  • Кондитердик фабрика;
  • Ленин райондук аскер комиссариаты;
  • "Фрунзе Плюс" гипермаркети.

Ушул эле күнү "Бишкекжылуулук" ишканасы дагы Профсоюзный, Месароша, Ильменск, Каракум, Лумумба жана Волков көчөлөрүндө, ошондой эле Жибек Жолу проспектиси, 625 дарегинде ысык сууну өчүрүүгө аргасыз болот.

Буга байланыштуу шаардык мектептер жана бала бакчалар иштебейт. Ал эми бардык медициналык жайлар жана төрөтканалар келгендерди штаттык режимде кабыл алат, суу камдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0