Үйлүү болуунун жаңы механизмин ишке ашыруунун мөөнөтү жылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТурак үй. Архив
Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы ипотекалык механизмдин алкагында алты пайыз үстөгү менен турак жайларды берүү пландалууда. Төлөө мөөнөтү 15 жыл.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Үйлүү болуунун жаңы механизмин ишке ашыруунун мөөнөтү жылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчисинин орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу билдирди.

Батирдин ижара акысын төлөп жатып эле менчиктеп алуу механизми боюнча компания жаранга турак жайды өзү тандап, сатып бермек. Программанын катышуучулары батирдин акчасын 15 жылга чейин алты пайыз үстөгү менен төлөйт. Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания 50 миллион сомго батир сатып алуу боюнча тендер жарыялаган.

"Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 25-сентябрда аяктады. Бир дагы каалоочу чыкпагандыктан тендер өз максатына жетпей калды. Учурда тендердин шарттарын кайра карап жатабыз", — деди Үсөнакун уулу.

Ал анализ жүрүп жаткандыгына байланыштуу тендер кайра качан жарыяланарын тактаган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0