Депутат: Базар-Коргондогу жаңгак токоюнан түшүм жыйноого тыюу салынууда

© Sputnik / Наталья Айирян / Медиабанкка өтүүЖаңгак. Архив
Жаңгак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү элге токойго тийбөө шартын коюп, жерге түшкөн түшүмүн терип алганга уруксат берүү керектигин айтты.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Дашман коругундагы жаңгак бышып, бирок жергиликтүү эл менен коруктун жетекчилигинин ортосунда пикир келишпестик болуп жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Ушу тапта Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер каралып жатат. Депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды

"Ал жердеги жергиликтүү эл анча-мынча кирешесин жаңгак тергенден табат. Бүгүнкү күнү аларды токойго киргизбей, жаңгагын тергизбей эл менен коруктун жетекчилигинин ортосунда нааразылык чыгууда. Ошону тез аранын ичинде чечкиле", — деди эл өкүлү.

Депутат элге токойго тийбөө, кыйбоо шартын коюп, жерге түшкөн түшүмүн терип алганга уруксат берүү керектигин айтты.

Ушул эле маселени депутат Таалайбек Масабиров да көтөрүп, вице-спикер Мирлан Бакировго кайрылды. Өз кезегинде Бакиров протоколдук тапшырма берилерин жана тийиштүү комитетте карала турганына токтолду.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0