Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү долбоору иштелип чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековСабак өтүп жаткан окуучулар. Архив
Сабак өтүп жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стратегияда Кыргызстан жана башка мамлекеттердин жумуш берүүчүлөрү менен байланышты бекемдөө маанилүүлүгү көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги жарандык коомдун эксперттери менен биргеликте 2021-2030-жылдарга карата "Билим берүүнү өнүктүрүү" стратегиясын иштеп чыкты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

2030-жылга чейин коюлган стратегияда мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү, билим берүү сапатын жогорулатуу, PISA эл аралык рейтингинде окуучулардын жетишкендиктерин жакшыртуу белгиленген.

"Баштапкы, орто жана жогорку билим берүү тармагында жумуш ордунда окутуу усулун колдонуу аркылуу улуттук квалификациянын талаптарына жооп бере турган адистерди даярдоо үчүн комплекстүү реформаларды жасоо каралган. Ошондой эле Кыргызстан жана башка мамлекеттердин жумуш берүүчүлөрү менен байланышты бекемдөө маанилүүлүгү көрсөтүлдү. Билим берүү тармагындагы жеке сектордун өнүгүүсүндө жаралган тоскоолдуктарды жоюу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү пландалды", — деп айтылат маалыматта.

Борбордук Азия регионалдык институтунун төрагасы, тарых илимдеринин доктору Алмазбек Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бейшеналиев: билим берүү тармагында формалдуулукту жоюу зарыл
Стратегия долбоорунда илим изилдөө багытын прикладдык изилдөөгө жана экономикалык натыйжалуулугу эффективдүү жумуштарга өзгөртүү камтылган. Бул өнүктүрүү стратегиясы билим берүү системасына комплекстүү талдоо жүргүзүү жана аны өркүндөтүү сунуштарын даярдоо боюнча эксперттик топко көрсөтүлөт. Алар стратегиялык долбоорду толуктоо үчүн өз сунуштарын берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0