"Кыргызстан сулуусу" Айжан: атама сулуу экенимди да көрсөткүм келди

© Sputnik / Жоомарт УраимовПобедительница конкурса красоты "Мисс Кыргызстан — 2019" Айжан Чаначева
Победительница конкурса красоты Мисс Кыргызстан — 2019 Айжан Чаначева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан сулуусу" аталган Айжан Чаначева маңдайы жарык, жылдыздуу, жөнөкөй кыз экен. Студияга кирип келери менен мурда тааныш адамдарындай жылуу учурашты.

Өткөн жумада Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен "Кыргызстан сулуусу — 2019" сынагы өткөрүлдү. Анда 21 жаштагы Айжан Чаначева жеңүүчү аталган. Эми ал Кыргызстандын атынан "Дүйнө сулуусу" сынагына катышат. Sputnik агенттиги өлкө сулуусун кепке тартты. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАйжан Чаначева Кыргызстандын атынан "Дүйнө сулуусу" сынагына катышат. Конкурстун шарты боюнча Айжан бир жылга чейин турмушка чыга албайт.
Кыргызстан сулуусу Айжан: атама сулуу экенимди да көрсөткүм келди - Sputnik Кыргызстан
Айжан Чаначева Кыргызстандын атынан "Дүйнө сулуусу" сынагына катышат. Конкурстун шарты боюнча Айжан бир жылга чейин турмушка чыга албайт.

— 17 сулуунун ичинен озуп чыгуу оңойго турбаса керек...

— Эмнегедир жеңериме ишенгем. 

© Sputnik / Эмиль СадыровКыргызстандын эң сулуу бийкечи кантип тандалды. Сынактын видеосу
Кыргызстан сулуусу Айжан: атама сулуу экенимди да көрсөткүм келди - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эң сулуу бийкечи кантип тандалды. Сынактын видеосу

— Кантип? Калыстар тобу менен сүйлөшүп алган жок белеңиз? Орундар сатылып кетет экен деп угуп калабыз...

— Калыстар тобу менен сүйлөшмөк тургай сынакка катышып жатканымды ата-энем да билген эмес. Беш жылдан бери модель чөйрөсүндө иштеп келем. Атам башынан эле бул чөйрөнү "жыйынтыгы жок, жөн эле убакытты алат, андан көрө экономикалык билимиңди тереңдет" деп жактырчу эмес. "Катышам" деп айткан күнү деле, балким, колдомок эместир. Ошондуктан аларга айтпай катышып, жеңип туруп ата-энеме сюрприз кылайын дегем. Ойлогонумдай эле болду. Эгер бир нерсени ойлосом, ага болгон аракетимди кылып жетем. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйжан Чаначева: жеңериме эмнегедир ишенгем...
Кыргызстан сулуусу Айжан: атама сулуу экенимди да көрсөткүм келди - Sputnik Кыргызстан
Айжан Чаначева: жеңериме эмнегедир ишенгем...

— Кубаныштыбы же "эмнеге катыштың" деп жиндеништиби?

— Гран-при алганымды атам тааныштарынан угуптур. "Чаначева" деген сейрек фамилия эмеспи. Достору интернеттен окуп калып, атама "сенин кызың эмеспи" деп сурашыптыр. Атам өзү сүрдүү, оор басырыктуу адам. Укканда жөн гана "куттуктайм" деп койду. Апам кубанды. 

— Үй-бүлөңүз тууралуу айтып калдыңыз, ата-энеңиз кайсы чөйрөдө иштешет?

— Атам чакан ишкерлик менен алектенет. Апам болсо туризм тармагында, конок үй иштетет. Төрт бир туугандын улуусумун. Менден кийинки сиңдим Тайванда окуйт. Андан кичүүлөрү бакчага барышат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Miss Kyrgyzstan 2019 🤗✨ (@rysmanovaa)

— Өзүңүз экономика жаатын өздөштүрүп жатасызбы?

Быйыл Кыргызстандагы сулуулук сынагына өзгөчө кыз катышат. Видео - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Кыргызстандагы сулуулук сынагына өзгөчө кыз катышат. Видео
— Кыргыз улуттук университетине караштуу кыргыз-европа институтунун бизнести башкаруу факультетинде билим алам. Быйыл 4-курста окуп жатам. Ишкерлик жаатында бир топ стартаптарды ачып көргөм. Мисалы, моделдер мектебин иштеттим, мектептерге жаңы жылда белек даярдап саттык, кийим-кече менен да иштеп көрдүм. Бирок аларга кызыгым тез эле тарап кеткен. Азыркы учурда туризм жаатын үйрөнүп, иштеп жатам. Абдан жакты. Чет өлкөдөн келген туристтерге Кыргызстандын кандай кооз, ажайып экенин көрсөткүм келет. Аймакта жашагандарды жумуш менен камсыз кылсам деген тилектерим бар. Туризм жаатында сервисти көтөрүп, бааны орто кылсак эле көп адам келет.

Ресторан ачам деген киши биринчи официант болуп иштеп көрүшү керек. Ошол сыяктуу мен да мейманканада администратор болуп иштеп көрдүм. Аны анализдеп, эки жагын байкадым.

Негизи бизге сырттан келген коноктор "эмне себептен мейманканаларыңардын көбү европа стилинде? Биз силердин маданиятыңарды билгибиз келет" деп көп айтышат. Ошол себептен улуттук колориттеги хостел ачсам деп ойлонуп жатам. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАйжан Чаначева: сырткы сулуулукка басым жасабайм. Кичинемден эле ата-энем "баарына акылың менен жеткен адам бол" деп тарбиялаган. Мектепте окуп жүргөндө "тиги сабактан олимпиадага катышайын, бул сабактан катышайын, жеңейин" деп жанталашып окучумун.
Кыргызстан сулуусу Айжан: атама сулуу экенимди да көрсөткүм келди - Sputnik Кыргызстан
Айжан Чаначева: сырткы сулуулукка басым жасабайм. Кичинемден эле ата-энем "баарына акылың менен жеткен адам бол" деп тарбиялаган. Мектепте окуп жүргөндө "тиги сабактан олимпиадага катышайын, бул сабактан катышайын, жеңейин" деп жанталашып окучумун.

— Сулуулук сынагына ата-энеңизге өзүңүздүн кыйын экениңизди далилдеш үчүн эле катыштыңызбы?

— Келечекте өзүмдү ийгиликтүү ишкер аял элестетем. Бул тармакта жеке бренд деген тенденция башталды. Кайсы компания болбосун аны жетектеген адам эл-журтка таанымал болсо, компаниянын жарнамасы да жакшы болот. Сынакка жеке брендиме имидж жасоо үчүн катыштым.

Негизи сырткы сулуулукка басым жасабайм. Кичинемден эле ата-энем "баарына акылың менен жеткен адам бол" деп тарбиялаган. Мектепте окуп жүргөндө "тиги сабактан олимпиадага катышайын, бул сабактан катышайын, жеңейин" деп жанталашып окучумун. Бийге барчумун. Ал жактан да диплом алайын, ата-энемди уят кылбай, аларга татыктуу кыз болоюн деп өстүм.

Буга чейин университетте окуп жүргөндө каржы боюнча олимпиадага катышкам. Факультеттен Еразмус деген программа боюнча бизнес-план жазып Испанияга акысыз барып келдим. Айтор, билим жаатынан да көп нерсеге жетиштим. Бирок анда мени эч ким таанып калган жок. Атама акылдуу эле эмес, сулуу экенимди да көрсөткүм келди (жылмайды). 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан сулуусу: сынактын жеңүүчүсү болуу чоң жоопкерчилик. Мен эми Кыргызстандын атынан "Дүйнө сулуусу" сынагына катышам. Ал жерде мен өлкөнү татыктуу таанытышым керек.
Кыргызстан сулуусу Айжан: атама сулуу экенимди да көрсөткүм келди - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан сулуусу: сынактын жеңүүчүсү болуу чоң жоопкерчилик. Мен эми Кыргызстандын атынан "Дүйнө сулуусу" сынагына катышам. Ал жерде мен өлкөнү татыктуу таанытышым керек.

— "Кыргызстан сулуусу" аталдыңыз, таажыны кийдиңиз. Жашооңузда бир нерсе өзгөрдүбү? Балким, достор көбөйгөндүр же ата-энеңиз башкача мамиле кылып калгандыр.

— "Кыргызстан сулуусу" болуш чоң жоопкерчилик. Анткени мен эми Кыргызстандын атынан "Дүйнө сулуусу" сынагына катышам. Ал жерде мен өлкөнү татыктуу таанытышым керек.

Сынак аяктагандан кийин ата-энем "бүттүбү баары, эми чай кой, үй жыйна" дешти (күлүп). Досторум мурдагыдай эле, алар башынан мага ишенип, колдогон. Соцтармакта колдонуучулар өтө деле көбөйүп кеткен жок. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовЧаначева: сынакка катыша турганымды ата-энем билген жок
Кыргызстан сулуусу Айжан: атама сулуу экенимди да көрсөткүм келди - Sputnik Кыргызстан
Чаначева: сынакка катыша турганымды ата-энем билген жок

— Аалам же дүйнө сулуусу наамын алгандан кийин жеңүүчүлөргө бир жылга чейин турмушка чыкпайт, балалуу болбойт деген талаптар коюлат экен. "Кыргызстан сулуусу" аталдыңыз, талаптары кандай экен?

— Мында деле бир жылга чейин турмушка чыкпай, балалуу болбош керек. Башка сулуулук сынактарына катышууга да уруксат берилген эмес. Маектерге барып, коомдук иштерге катышуу зарыл.

— Сынакка даярдануу учурунда бут тосуу, интрига деген нерселер болдубу? Эмнеден кыйналдыңыз?

Сап башына америкалык супермодель Белла Хадид чыккан - Sputnik Кыргызстан
Кырдач мурун, керме каш. Пластикалык хирург мыкты деген сулуулардын сүрөтү
— Кыйынчылык деле болгон жок. Болгону ошол учурда ата-энемдин колдоосуна муктаж болдум, жылуу сөздөрүн сагындым.

Бул сынак аябай жогорку деңгээлде даярдалды десем болот. Уюштуруучулар шартты жакшы түзүп беришти, мыкты, кесипкөй сүрөтчүлөргө фотосессия жасатты.

Мен 2015-жылы өткөрүлгөн "Кыргызстан сулуусу" сынагына да катышкам. Анда уюштуруучулар катышуучу кыздарга "билет саткыла, болбосо тизмеден чийип салабыз" деп кыйнаган. Кыздар кыйналып, ыйлагандары эсимде. Бул ирет андай болгон жок. Анын үстүнө бул расмий, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда уюштурулду. Бегимай Карыбекова өз чөнтөгүнөн акча чыгарып иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрдү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Miss Kyrgyzstan 2019 🤗✨ (@rysmanovaa)

— Сырткы келбетиңизге кандай кам көрөсүз?

— Моделдер мектебин иштетип жүргөн убакта иш этикетинен сабак берчүмүн. Ошондо кыздарга дайыма "өзүн караган аял дайыма сулуу" деп айтчумун. Эгер кыз койкоюп басып, бетине кам көрүп, кийими таза, бырышпаган болсо, жагымдуу жыттанып турса дайыма сулуу көрүнөт. Мен "идеалдуу сулуу" делген кыздардын катарына кирбейм. Бирок өзүм кандай болсом ошондой кабыл алган үчүн өзүмдү татынакай деп эсептейм.

Кичине кезимде атам мени "башы чарадай, мурду чөмүчтөй" деп ардантчу. Анда ызаланып, чоңойгондо идеалдуу болом, кемчилигимди оңдотом дей берчүмүн. Бирок эс тартканда "кандай болсом ошондоймун" деп өзүмдү-өзүм сүйүүнү үйрөндүм. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАйжан Чаначева: дүйнөлүк сынакка катышууга уюштуруучулар жардам беребиз деп жатышат. Ата-энем да колдой турганын айтышты.
Кыргызстан сулуусу Айжан: атама сулуу экенимди да көрсөткүм келди - Sputnik Кыргызстан
Айжан Чаначева: дүйнөлүк сынакка катышууга уюштуруучулар жардам беребиз деп жатышат. Ата-энем да колдой турганын айтышты.

— "Дүйнө сулуусу" сынагына даярдана баштадыңыз да. Ал жакка катышуу үчүн бир топ каражат керек экен. Бир жылдары Айкөл Аликжанова президентке чейин кат жазып, каражат сурады эле. Сизди каржы маселеси түйшөлтпөйбү?

— Уюштуруучулар жардам беребиз деп жатат. Ата-энем деле колдой турганын айтышты. Жетпесе атам алып берген унааны сатам. Ал автомашинаны атам каржы тармагы боюнча эл аралык сертификат алганым үчүн сатып берген. Ал олимпиадага бир жылдай уктабай даярдангам. 

— Спорттун кайсы түрү менен алектенесиз?

— 12 жыл бий менен алектендим. Фитнестен да сабак бердим. Көпкө бийлеп жүргөнгө организм дене тарбия көнүгүүлөрүн да талап кыла берет, ошондуктан көнүгүү жасап, бийлеп турам. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовЧаначева: Атам өзү сүрдүү, сырын эч кимге айтпаган адам, балдарына камкор, табышкер. Убагында таксист болуп иштеп, кайдан болсо да акча таап бизди эч нерседен кем кылбай чоңойтуптур. Апам да акыркысын бизге берет. Мен бул адамдарга ыраазымын.
Кыргызстан сулуусу Айжан: атама сулуу экенимди да көрсөткүм келди - Sputnik Кыргызстан
Чаначева: Атам өзү сүрдүү, сырын эч кимге айтпаган адам, балдарына камкор, табышкер. Убагында таксист болуп иштеп, кайдан болсо да акча таап бизди эч нерседен кем кылбай чоңойтуптур. Апам да акыркысын бизге берет. Мен бул адамдарга ыраазымын.

— Алдыдагы максатыңыз?

Художественная гимнастика. Чемпионат мира. Первый день - Sputnik Кыргызстан
Ажайып сулуу! Кыргызстандык гимнасттар дүйнө чемпионатына катышууда. Сүрөт
— Учурдан пайдаланып ата-энеме ыраазычылык айтып кетейинчи. Ал кишилер өздөрү ичип-жебесе да бизге жакшы инвестиция кылышкан. Бийлеп жүргөндө өздөрү чет өлкөгө барбаса да, "балдар барсын" деп акчаны таап, күндө ишине же башка нерсесине карабай бийге, башка курстарга алып барып бизди өнүктүрдү. Атам өзү сүрдүү, сырын эч кимге айтпаган адам, балдарына камкор, табышкер. Убагында таксист болуп иштеп, кайдан болсо да акча таап бизди эч нерседен кем кылбай чоңойтуптур. Апам да акыркысын бизге берет. Мен бул адамдарга ыраазымын.

Келечекте туризм тармагына салым кошуп жети облуска конок үй, мейманканаларды салып, аймактын элин жумуш менен камсыз кылгым келет. Наны жок отургандар бар, жокчулукту түшүнөм. Андай үй-бүлөлөрдү көп эле көргөм. Ошондуктан биринчи кезекте капиталымды көбөйтүү үчүн эмес, элди жумуш менен камсыз кылуу үчүн бизнес ачам.

Жаңылыктар түрмөгү
0