Мугалимдер эми үйдөн алыс чыкпай эле билимин жогорулата алат

Жазылуу
Дистанттык окутуу республикалык бюджеттен каржыланган мугалимдердин командировкалык чыгашасын эки эсеге азайтат.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунда мугалимдерди инновациялык негизде окутуу үчүн беш компьютердик класс ачылды. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Дистанттык окутуу бюджеттен каржыланган мугалимдердин командировкалык чыгашасын эки эсеге азайтат. Ошондой эле окуудан өткөн педагогдордун санын жылына 2000ден 8000ге чейин жеткирүүгө мүмкүн болот.

"Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасы өзгөрдү. Эгер мурда мугалимдер эки жума лекция, семинарларды угуп, реферат жазышса, азыр педагогдор бир апта дистанттык түрдө окуп, экинчи жумасында Бишкекте практикадан өтүшөт. Окутуунун жыйынтыгында алар өз иштерин коргоп, электрондук тест тапшырышат", — деп айталат маалыматта.

Буга чейин курстардын тематикасы теориялык билимди өнүктүрүүгө багытталса, эми мектеп, бала бакча боюнча практикалык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө басым жасалат.

Институттун дистанттык окутуу платформасында беш онлайн курс жайгаштырылган:

  • пландаштыруу жана стандарттар;
  • баалоо;
  • Кыргызстандын мектептериндеги маалымат жана байланыш технологиялары;
  • активдүү, интерактивдүү окутуу;
  • мугалимдердин тынымсыз кесиптик өнүгүүсү.

Дистанттык окутуу бул жылы Чүй облусундагы мугалимдер үчүн уюштурулду. 2020-жылдан тартып бул ыкма өлкөнүн бардык облустарында жүргүзүлө баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0