Бишкектеги жаңы конуштардын бирине таза суу түтүктөрү орнотулууда

© пресс-служба мэрии города БишкекБорбор калаадагы Мурас-Ордо конушуна таза суу түтүктөрү коюлуп жатканын мэриянын маалымат кызматы билдирди
Борбор калаадагы Мурас-Ордо конушуна таза суу түтүктөрү коюлуп жатканын мэриянын маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл жалпысынан бардык конуштарда узундугу 17 617 чакырымга жеткен канализация жана 13 чакырымдык суу түтүктөрү орнотулууда.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы Мурас-Ордо конушуна таза суу түтүктөрү коюлуп жатканын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

© пресс-служба мэрии города БишкекЖителей "Мурас-Ордо" подключат к водопроводным сетям
Борбор калаадагы Мурас-Ордо конушуна таза суу түтүктөрү коюлуп жатканын мэриянын маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Борбор калаадагы Мурас-Ордо конушуна таза суу түтүктөрү коюлуп жатканын мэриянын маалымат кызматы билдирди
© пресс-служба мэрии города БишкекЖителей "Мурас-Ордо" подключат к водопроводным сетям
Ага ылайык, коюла турчу куурлардын узундугу 6 353 метрге жетет - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ага ылайык, коюла турчу куурлардын узундугу 6 353 метрге жетет
© пресс-служба мэрии города БишкекЖителей "Мурас-Ордо" подключат к водопроводным сетям
Бул өз кезегинде конуштун жашоочуларынын 60 пайызын камтыйт. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бул өз кезегинде конуштун жашоочуларынын 60 пайызын камтыйт.
1/3
Борбор калаадагы Мурас-Ордо конушуна таза суу түтүктөрү коюлуп жатканын мэриянын маалымат кызматы билдирди
2/3
Ага ылайык, коюла турчу куурлардын узундугу 6 353 метрге жетет
3/3
Бул өз кезегинде конуштун жашоочуларынын 60 пайызын камтыйт.

Ага ылайык, коюла турчу куурлардын узундугу 6 353 метрге жетет. Бул өз кезегинде конуштун жашоочуларынын 60 пайызын камтыйт.

Андан сырткары, бул иштерди тендерди утуп алган "Технотоп" курулуш компаниясы 15-декабрга чейин ишке ашырат.

"Келишим боюнча курулуш иштеринин баасы 4 миллион 698 миң 972 сомду түзөт. Бул каражаттар шаардык бюджеттен каралган", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин жака-белиндеги конуштарга канализация жана суу куурларын коюу аракеттери калаа башчысы Азиз Суракматовдун тургундар менен жолугууларынан кийин ишке ашып жатат. Быйыл жалпысынан бардык конуштарда узундугу 17 617 чакырымга жеткен канализация жана 13 чакырымдык суу түтүктөрү орнотулууда.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0