"Манас" аэропортунан чыгарылган 5 млн. доллар: жетекчи тергөө менен кызматташат

© Sputnik / Азат АкаевМанас аэропорту. Архив
Манас аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, оффшордук компаниялардын жардамы менен "Манас" эл аралык аэропортунун эсебинен беш миллион доллар мыйзамсыз которулганы аныкталып, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун эсебинен беш миллион доллар мыйзамсыз которулганы боюнча аталган аба майдандын Бишкек филиалынын кармалган директору Мирлан Бегалиев тергөө менен кызматташуга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (Финпол) билдиришти.

Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин жактоочусу кылмыш куугунтугун токтотууну өтүндү. Соттун жообу
Эске салсак, оффшордук компаниялардын жардамы менен "Манас" эл аралык аэропортунун эсебинен беш миллион доллар мыйзамсыз которулганы аныкталып, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Жетекчилер аэропорттун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген иш экенине карабай, өздөрүнүн арам оюн ишке ашыруу үчүн 2014-жылы билип туруп пайдасыз келишимге кол койгон. Анда документке кол койгондордун бири Бегалиев "Манас" аэропортунун юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

Финансы полициясынын маалыматына караганда, ага Жазык кодексинин 205-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу») боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына киргизилген.

"Шектүү күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен иштешүүгө макулдугун берди. Ал кылмышты ишке ашырууга катышкан башка адамдарга каршы көрсөтмөлөрдү берди. Учурда зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүп жатат. Бул жагдайларды эске алуу менен шектүүнү үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч берилип, сот аны канааттандырды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле директордун азыркы ээлеген кызматынан убактылуу бошотулганы айтылды.

Финансы полициясынан учурда иликтөө иштери уланып жаткандыгын билдиришти. 

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0