Казактын каны бар. Залалдуу шишик менен алышып жаткан Заворотнюк тууралуу 8 факты

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүРоссиялык актриса Анастасия Заворотнюк. Архив
Россиялык актриса Анастасия Заворотнюк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияга гана эмес, дүйнөнүн бир топ жерине  "Моя прекрасная няня" телесериалы менен таанылган актриса, телешоулардын алып баруучусу Анастасия Заворотнюк мээ рагына кабылып, дарыланууда. Аны күйөрмандары жай айынан бери көрө элек.

Заворотнюктун илдетке чалдыкканы тууралуу август айында билинген. Сентябрда дарыгерлер анын дарты айыккыс экенин айтышкан. Көп убакыт бою актрисанын туугандары үн катпай келген. Ушул жумада гана алар оору жөнүндө маалыматты тастыктап, Заворотнюк тууралуу ар кандай кабарларды таратпоону өтүнүшкөн.

Учурда актриса дарылануусун улантууда. Коомчулукта көп сөз болуп жаткан Заворотнюк тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги факты даярдады. Биз анын бала чагынан тарта, карьералык өсүшү, жеке жашоосуна, дартына кенен токтолдук.

Алма сабагынан алыс түшпөйт

Анастасия Заворотнюк 1971-жылы 3-апрелде Россиянын Астрахань шаарында төрөлгөн. Анын үй-бүлөсү чыгармачыл адамдар. Энеси Валентина жаш көрүүчүлөр театрында иштеп, Эл артисти наамын алган. Атасы Юрий режиссерлукту окуп, телекомпанияда кино коюучу болуп эмгектенген. Анын канында астрахань казактарынын каны бар. Жубайлардын Анастасиядан тышкары Святослав аттуу уулу болгон. Ал 2018-жылы перитониттен (карын, ич этинин сезгенип оорушу. — ред) каза тапкан.

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүАнастасия Заворотнюктун үй-бүлөсү чыгармачыл адамдар. Энеси Валентина жаш көрүүчүлөр театрында иштеп, Эл артисти наамын алган.
Казактын каны бар. Залалдуу шишик менен алышып жаткан Заворотнюк тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Анастасия Заворотнюктун үй-бүлөсү чыгармачыл адамдар. Энеси Валентина жаш көрүүчүлөр театрында иштеп, Эл артисти наамын алган.

Тарыхчы болмок

Анастасия кичинекей кезинен апасын ээрчип театрда көп жүргөн. Мектептеги окуусунан тышкары "Лотос" ансамблинде бийлеп, музыка ийримине барган. Ыр жазып, ыр сынактарына катышып, созолонто обон созгон. Мектепти аяктаганда кесип тандай албай кыйналган. Чыгармачылыкта жолу оор экендигин сезген. Ошол себептенби, 1988-жылы Астрахань педагогикалык институнун тарых факультетине тапшырат. Анткен менен биринчи курсту бүткөндө эле Москвадагы театр окуу жайына которулуп алган. Атасы чечимин колдогон. Апасынын ачуусуна тийбейин деп археологиялык казууга кетип бара жатканын айтып койгон.

Чыгармачылыгынын башталышы

Россиялык актриса Анастасия Заворотнюк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Заворотнюктун абалы тууралуу үй-бүлөсү эмнеге ооз ачпайт? Кызынын түшүндүрмөсү
Заворотнюк алгачкы ролун 1991-жылы экинчи курста окуп жатканда "Машенька" фильминде ойногон. Ошол эле жылдары театрда роль жарата баштаган. Андан кийин "Лихая парочка" комедиясында Лизанын ролу менен сахнага чыккан. Төртүнчү курсунда "Табакерка" театрында иштеп калат. Ал жактан "Страсти по Бумбарашу" спектаклинде Варанын ролун ойногон. Актриса дал ушул образды ийине жеткире алдым деп эсептейт. 1993-жылы окуу жайды аяктап, атактуу режиссер Олег Табаковдун жетекчилиги алдында ачылган театр-студияга жумушка алынып, ал жакта он жыл эмгектенет.

Атак алып келген "Моя прекрасная няня"

Заворотнюк отуз жашка чыкканда актрисалыкты таштап, башка иш менен алектенүүнү, балдарына көбүрөөк убакыт бөлүүнү ойлонот. Бирок 32 жашында ага белгилүүлүктүн туу чокусуна жеткирген роль берилет. Ал "Моя прекрасная няня" сериалы эле.

Заворотнюк балдары менен Анапа шаарында эс алып жүргөндө ага Москвага кастингге келиши керектигин айтышат. Бала багуучу Вики Прутковскаянын ролуна бир жыл аралыгында 1500дөй аял келген. Анастасия соңку талапкерлердин бири болгон. Акыры роль ага буюрат. Сериал тартылган учурунда үй бетин көрбөй калганын айткан. Кийин бул эмгек  экранга биринин аркасынан бири чыгып, көрөрмандардын катарын калыңдаткан.

2007-жылы актрисанын атагы таш жарып турганда жарым метраждуу "Код апокалипсиса" киносуна тартылат. Мындан тышкары, борбордук телеканалдарда "Танцы на льду" жана "Танцы со звездами" шоуларын алып барган.

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАктриса Россияга гана эмес, дүйнөнүн бир топ жерине "Моя прекрасная няня" телесериалы менен таанылган.
Казактын каны бар. Залалдуу шишик менен алышып жаткан Заворотнюк тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Актриса Россияга гана эмес, дүйнөнүн бир топ жерине "Моя прекрасная няня" телесериалы менен таанылган.

Жеке турмушуна жарака кетирип...

Болуп көрбөгөндөй атактуулук менен биргеликте актрисанын жеке жашоосунда дагы кыйынчылыктар башталган. Анын үйдө аз болуп, талаалап жүргөнүн жолдошу Дмитрий Стрюков жактырган эмес. Бул учурда Анастасия кесиптеши Сергей Жигуновду жактырып калган. Ал экөө "Моя прекрасная няня" сериалында чогуу ойношкон. Заворотнюктун ажырашуусу жана жаңы сүйүүсү ушак-айыңды жазган гезит-журналдардын негизги темасына айланган. Бирок Жигунов менен сүйүүсү көпкө созулбай, актриса мурдагы жубайы менен жарашып алган.

2008-жылы "Моя прекрасноя няня" тасмасынын акыркы сериясы чыккан. Любовь Полищуктун (Виканын апасын ойногон) өлүмүнөн кийин долбоордун рейтинги түшүп кеткен. Кинодо баш каармандын атасы пайда болгону дагы көрүүчүлөрдү топтой алган эмес.

Алып баруучулук, көрүүчүнү тартпаган тасмалар

Заворотнюк бала багуучунун ролунан кийин көп убакыт  бою "Ледниковый период" шоусун, андан кийин Дмитрий Дибров менен "Брачные игры", Марат  Башаров менен биргеликте "Лёд и пламень" программаларын алып барган. Анастасияны бир нече ирет "Народная звезда", "Удиви меня", "Золотой лист" телешоуларына калыстар тобунун катарына чакырып турушкан. "Две звезды" ыр долбооруна Михаил Боярский менен обон созуп чыгып, экинчи орунду алган. 2012-жылы автордук "Настя" ток-шоусун алып чыгып, ал кийинчерээк элди тарта албай жабылып калган. Андан кийинки "Аманда  О", "Артефакт", "Неидеальная женщина", "Дом на краю" кинолорундагы ролдору анчейин популярдуу болгон эмес. Буга көрүүчүлөрдүн актрисанын образын бала багуучу катары кабыл алып калганына байланыштуу болгон.

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАнастасия Заворотнюк эки кыз, бир уулдун энеси
Казактын каны бар. Залалдуу шишик менен алышып жаткан Заворотнюк тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Анастасия Заворотнюк эки кыз, бир уулдун энеси

Жашоосундагы төрт мырза

Актрисанын биринчи жолдошу германиялык ишкер Олаф Шварцкопф болгон. Ал актриса менен "Табакерка" театрынан таанышкан. Олаф төрт күндөн кийин эле анын колун сураган. Анастасия макул болуп, Германияга кетип калган. Бирок бир жылдан кийин эле Москвага кайткан. Айрым ЖМКлар чет элдик киши актрисага кол көтөргөнүн жазышкан. Бирок Олаф маегинде Анастасия аны таштап, ишкер Дмитрий Стрюковго кетип калганын айткан.

Фигурное катание. Чемпионат мира. Мужчины. Короткая программа - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак кыздары менен түшкөн акыркы сүрөт. Денис Тен тууралуу 6 факты
Анастасия экинчи жолдошу менен жаңы жылдын алдында таанышкан. Ал майрамда шашып баратып жолдон эле унаа кармайт. Рулда келишимдүү жигит — Дмитрий Стрюков отурган болот. Ыраазычылык катары Заворотнюк Дмитрийди өзүнүн спектаклине чакырганда жалгыз келет. Экинчи күнү маанилүү  себеп менен  — таанышуу үчүн театрга баш баккан.  Ишкер да биринчи күйөөсү сыяктуу актрисанын колун төртүнчү күнү сураган. Бул учурда экөөнүн тең башы бош эмес эле. Бирок мамилелери үчүн жубайларынан экөө тең кол үзгөн. 1996-жылы үйлөнүү тоюн берип, ошол жылы алардын Анна аттуу кызы, 2000-жылы Лос-Анжелестен Майкл аттуу уулу төрөлөт.

2006-жылы жубайлардын мамилеси солгундайт. Ошол убакта Заворотнюк кесиптеши "Моя прекрасная няня" тасмасына чогуу тартылган  Жигунов менен мамиле түзүп алганын жогоруда айттык. Алар эки жылдан кийин ызы-чуу менен бири-биринен кол үзгөн.

Заворотнюк 2008-жылы "Танцы на льду. Бархатный сезон" шоусун тарта баштаган биринчи күнү эле муз үстүндөгү бийчи (фигурист) Петр Чернышев менен таанышат. Петр ырчы Юлия Ковальчук менен бийлесе, актриса шоуну алып барган. Ошол эле жылы 22-сентябрда үчүнчү ирет никесин жаңыртып, Чернышевге турмушка чыгат.

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАнастасия Заворотнюк жолдошу Петр Чернышевский менен. Ал муз үстүндөгү бийчи, учурда хореограф.
Казактын каны бар. Залалдуу шишик менен алышып жаткан Заворотнюк тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Анастасия Заворотнюк жолдошу Петр Чернышевский менен. Ал муз үстүндөгү бийчи, учурда хореограф.

Былтыр, 2018-жылы, Анастасия 47 жашында үчүнчү баласын төрөгөн. Көз жарганы тууралуу коомчулук төрт айдан кийин билген. Кызынын атын Мила коюшкан. Бул Заворотнюк менен Чернышевдин ортосундагы жалгыз бала. Ал ЭКО жолу менен жарыкка келген.

Анастасиянын учурдагы абалы

Актриса декреттен кийин кайрадан чыгармачылыкка кайтып, "Все мужчины делают это" спектаклинде ойноону пландаган. Бирок ушул жылдын август айында ооруга кабылып, анын ордуна башка актриса катышмай болгон.

Көп өтпөй күйөрмандардын бири актрисанын моюнундагы биопсиядан калган тырыктарды байкап калып, аны актриса мээ рагын текшертүү үчүн жасатканын айтып башташкан. Ошондон тарта ЖМКлар Заворотнюк ракка кабылганын жазып келишет. Анда ЭКО процедурасы көп учурда гормондук кыртышта рак клеткаларын ойготуп жиберерин да белгилешкен. Жолдошу Петр Чернышев узак убакытка эмгек өргүү алганы ого бетер шек жараткан. Бирок үй-бүлөсү актрисанын оорусу тууралуу маалыматты тастыктаган эмес.

Певец Димаш Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
Тушоосун кыргыздар кескен. 25ке чыккан дүйнөлүк жылдыз Димаш тууралуу 9 факты
Сентябрь айында актриса комага түшкөнүн, андан кийин медиктер дарылоону токтотуп, жүрөгүнүн согушун гана көзөмөлдөп жатышканы жөнүндө маалымат тараган. Ага эки ирет операция жасалганы да айтылган. Онкологдор анын дарты – глиобластома деп, айыккыс экенин айтышкан. Соңку ирет Заворотнюкту ооруканадан жашыруун чыгарышканы тууралуу да кабар тарады.

Ушул жумада акрисанын туугандары Instagram баракчасы аркылуу анын абалы тууралуу үн катты. 

"Анастасия учурда чындап эле дарыланып жатат, бирок ал комага түшүп, жасалма аппарат менен дем алган эмес. Мунун баары жалган маалымат. Ал ооруп жатканы чын, эми илдетти жеңүү негизги максат", — деп айтылат жарыяланган маалыматта.

Заворотнюктун туугандары актриса үчүн кабатыр болуп жаткандарды анын сакайып кетиши үчүн тилек кылууга чакырып, бирок түрдүү маалыматтарды элге жарыялабоону суранган.

Жаңылыктар түрмөгү
0