Акыйкатчы Токон Мамытов. Архивдик сүрөт

Акыйкатчы абактагы Алмазбек Атамбаевден кабар алды

1202
(жаңыланган 16:11 18.10.2019)
7-8-августта Атамбаевди тергөөгө күч менен алып келүү үчүн Кой-Таштагы үйүнөн кармоо аракети болуп, ал багынып берген.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын тергөө абагына киргизилген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кабар алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Жолугушуу маалында Атамбаев кармалган шартына дооматы жок экенин айткан.

13-июнда Жогорку Кеңеште Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүлүп, ал мурдагы президенттин алты кылмыш ишине тийиштиги бар болушу ыктымал деген корутунду чыгарган. Парламент бул корутундуну 20-июнда колдоп, аны Башкы прокуратурага жолдогон. 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов алты иштин бешөө боюнча кылмыш козгоого негиз бар экенин билдирип, Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан.

Бирок Алмазбек Атамбаев парламенттин мындай чечимин Конституциялык палата карап чыгышы керектигин айтып, тергөөгө күбө катары баруудан баш тартып койгон.

Мындан улам 7-8- августта Атамбаевди тергөөгө күч менен алып келүү үчүн Кой-Таштагы үйүнөн кармоо аракети болгон. Анын жүрүшүндө УКМКнын атайын даярдыктагы бир аскери каза болуп, бир нече адам түрдүү жаракаттарды алган.

1202
Белгилер:
Конституциялык палата, кол тийбестик, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы (52)
Тема боюнча
Сот Батукаевдин ишин Атамбаевсиз карамай болду
Атамбаевден "Форумду" сатып алган ишкер Субихи Пархати кармалды