Баткенде кыргыз-тажик жаштары футбол ойношту

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол. РФПЛ. Матч "Урал" - ЦСКА
Футбол. РФПЛ. Матч Урал - ЦСКА - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш эки элдин ортосундагы ынтымакты жана достукту бекемдөө максатында уюштурулду. Мындай спорттук оюндар чек ара аймактарында жыл сайын өткөрүлүп турат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Баткен облусунун Самаркандек айылында кыргыз-тажик жаштары ортосунда футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Спорттук мелдеште Баткендин Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айылынын жаштары менен Тажикстандын Исфара районунун Чорку, Ворух, Сурх айыл аймактарынын тургундары күч сынашкан.

"Демилгени Баткен облустук милициянын башчысы Акылбек Мамасейитов көтөрүп, жергиликтүү бийлик колдогон. Мелдеш эки элдин ортосундагы ынтымакты жана достукту бекемдөө максатында уюштурулду. Соңунда жеңүүчүлөргө белектер берилди", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, эки элдин ортосундагы спорттук оюндар чек ара аймактарында жыл сайын өткөрүлүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0