Улуттук кийим кийген аял. Архивдик сүрөт

Кыргызстандыктар ноябрда төрт күн катары менен эс алат

2061
(жаңыланган 13:09 19.10.2019)
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү бейшемби жана жума күндөргө туура келет. Андан кийин ишемби жана жекшемби болот.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктар ноябрь айында төрт күн катары менен эс алат. Бул тууралуу өкмөттүн 2018-жылдын аягында кабыл алган токтомунда жазылган.

Ага ылайык, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү 7 жана 8-ноябрга, тагыраагы, бейшемби жана жума күндөргө туура келет. Андан кийин ишемби жана жекшемби болуп кетет.

Ошентип ноябрдын башында төрт күн катары менен эс алуу болот.

2020-жылы майрамдын арты менен кайсы күндөрү эс алууга болору белгилүү болду.

2061
Белгилер:
майрам, өкмөт, эс алуу
Тема боюнча
Быйылкы окуу жылындагы каникулдардын календары