Суунун боюнда отурган түгөйлөр. Архивдик сүрөт

Камкор кайнагамды жактырып калдым. Келиндин каты

16648
(жаңыланган 18:00 19.10.2019)
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында кам көрүп, жардам берип жүргөн кайнагасын жактырып калган келиндин каты жарыяланды.

Беш жыл мурда жолдошумдан айрылып, эки кичинекей балам менен жесир калдым. Ал учурда улуу кызым 4 жашта, кичүүсү бирде болчу. Улуу кызым атасын элес-булас билет. Багар-көрөр адамдан айрылып, карайлап, кимге барып жардам сурайм деп коркком. Төркүнгө бала менен батыш кыйын экен. Анын үстүнө мен жактагылар жардам бере тургандай жакшы деле турушчу эмес.

Кудайга шүгүр, шаар четинде чакан үйүбүз бар болчу. Турмушка чыга электе кийим тиккен цехте иштеп калгам. Кичинекейим басып, эмчектен чыккандан кийин иштейин деп ойлоп жүргөм. Кайын журтум жалгыз калтырган жок, болушунча оорумду колдон алып турушту. Баарынан да бизге кайнагам жан-алы калбай кам көрдү. Тамак-аш, балдарга кийим-кече, оюнчук, момпосуюна чейин жумасына бир ирет келип таштап кетчү. Аябай камкор киши. Үй-бүлөсүнө да өзгөчө көңүл буруп, жеңемдин колун сууга салдырчу эмес. Бирок аялынын мүнөзү бир аз оор, анча-мынчаны жактырбаган адам.

Кайнагам балдарына эмне алса, биздин кыздарга да ошону алып келгени ыйлагымды келтирчү. Бир күнү жаңы чыкты деп спинер деген оюнчук көтөрүп келиптир. Ичим жылыды.

"Кичинекейиң чоңоюп бакчага баргыча иштебей тур", - деп бир нече ирет айтты. Кыздарым да ал кишини чоң аталап жакшы көрүшөт. Атабыздын ордун жоктоткон жок. Кээде тагдырыма нааразы болуп ыйлап жатканда үйгө келип калса, дем берип, акылын айтып, кайрат берип кетчү. Ал кишиге өмүр бою ыраазымын, жакшылыгын унутпайм. Кичүү кызым үч жашка чыкканда кийим тиккен цехке кирип иштей баштагам. Улуум мектепке, кичүүм бакчага бара баштады. Иштеп акча тапсам деле кайнагам тез-тезден келип, ал-абалыбызды сурап турат. Кубанган же кайгырган учурларда эсиме көп түшчү болду. Бир күнү кызыктай ой тык этип, андан өзүм да чочуп кеттим. Көп өтпөй орозо айттын алдында кайнагам мал сойдурдум эле деп эт алып келди. Май айы болчу. Аркы-беркини сүйлөшүп отурдук. Боорсок жасагам, инисине куран окуду. Кыздар тегеректеп чоң аталап жанынан кетпейт. Өзгөчө кичүүсү мойнуна асылат, чоң алакандарын сылайт, мойнунан жыттап коёт. Карап туруп жашып кеттим. Анымды байкаган кыраакы акем сөз баштады.

"Бүтүрүү кечеси болгондо атасы болуп өзүм барам да, ээ? Айтмакчы, кызым, бала бакчада аталар кыздарын майрамдатат бекен?", — деп сурады. Кызым кээ бир балдарды аталары кечинде алып кетерин, аларды көрүп "ата тапкысы келгенин" кошо саймедиреди. Жүрөгүм тыз этип, кызымды аяп кеттим.

Мени бир карап алган кайнагам анын чекесинен өөп, "мен сенин атаңмын да балам, башканы издебейбиз, башка папанын кереги да жок. Каникул башталганда сен, мен, апаң болуп паркка баралы, макулбу. Бар эми телевизор көр", — деди үнү башкача чыгып. Бала неме паркты укканда сүйүнүп, секирип ойноп, кубанган тейде бөлмөгө кирип кетти.

Ортодо сөз уланбай отуруп калдык. Чай ичиңиз дедим калп эле ортодогу жымжырттыкты бузуп, газды күйгүзүмүш болуп. Мени карап турганын сездим.

"Отурсаң, сүйлөшөлү. Бала периште да, менин айтайын дегенимди туйгандай эле сөздү баштап койду. Бир топ жылдан бери жакшылык-жамандыктын даамын татып келе жатабыз. Бул үйгө мени балдардан башка дагы бир жылуулук тартып турат. Анын себебин өзүм деле көптөн бери сезип-билип жүрөм. Бир туугандык сезим десем Кудай алдында да калп айткан болом, бирок мага өз адам болуп калдың. Сени башкага ыраа көрүш кыйын болуп калды, кээде түшүмө киресиң", — деген сөздөрдү айтты. Так эстей албайм, бирок сөздөрү ушул мааниде эле.

Кызарып кеткенимди сездим. Кайнагамдын айткандарына эмес, менин ойлорумду билип калгандай тартындым. Сөзүн бүтө электе телефону шыңгырады. Сөз ошону менен үзүлүп калды... Андан бери 1,5 жылга чукул убакыт өттү. Акем келип-кетип жүрөт. Кээде кыздарды алып паркка барып калабыз. Көздөрүбүз чагылышып кетсе, кызыктай болуп кетебиз. Мындай нерсени мурда байкачу эмесмин. Мен 32, кайнагам 41 жашта. Көп учурда мени башкача бир камкордук, башкача бир жакындык сезим менен карап турган учурларын байкап калам. Кээде кадимкидей күтчү болдум. Карааны эле мага бир канча дем берет.

Ошентип жүргөндө жагымсыз окуя болду. Төрт ай мурда жеңем (абысыным) жол кырсыгына кабылып, баспай коляскада отуруп калды. Эч нерсе кыла албайт. Аялына да, кайнагама да, балдарына да боорум ооруйт. Жеңеме каралашкан адам жок. Кайнагама жардам бергим келет, соороткум келет, жакын адамдай сүйлөшкүм келет. Бирок кантип? Үйүнө барып жеңемди каралашып, балдарын багышсамбы? Мунумду кандай кабыл алышат? Же өз оокатымды өзүм кылып, тынч эле отура берсемби? Ичтеги сезимдер да жөн отургузбай жатат. Жактырганым, жакшы көргөнүм кылмышпы деп коём ичимден. Же таптакыр эле булардын жашоосунан жок болуп, кайындарымдан колумду үзсөмбү?

"Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков: 

Директор Центра психотерапии и психоанализа Муратбек Султанбеков во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков

— Кайнагасы узак убакыттан бери инисинин үй-бүлөсүнө жардам берип келген. Биринчи кезекте инисинин кадыр-баркы үчүн болсо керек. Келиндин кайнагасы өзүнө көп ролду алып, баарын татыктуу аткарып койгон. Ушул сапаты үчүн ал келинине жаккан. Камкор, аялды сыйлаган, көңүлүн алган эркектер аялзатынын көбүнө эле жагат.

Бирок бул учурда эске ала турган жагдай, келинге кам көрүп, көңүлүн алып жаткан адам анын кайнагасы. Ал экөөнүн баш кошуусу коомдо өөн көрүнүш. Ооба, илгери күйөөсү өлсө аялын кайнага же кайнисине алып берип койчу. Бирок ал мезгилде мындай нерсе нормалдуу деп эсептелчү. Азыр 21-кылым, адамдардын акыл-эси өнүккөн, баары өзгөргөн. Кайнагасынын үй-бүлөсү, аялы, бала-чакасы жок болсо бир жөн. А бул жерде анын аялынын көзү тирүү, балдары чоңоюп калган. Экөө бирге түтүн булатабыз деген күндө дагы кыйынчылыктар аябай көп болот. Биринчи кезекте балдар бири-бири менен тил табыша албай кыйналышы мүмкүн. Эки үй-бүлөнүн балдары бир үйгө кантип батат? Тууган-урук кандай кабыл алат? Кааласа, каалабаса дагы алар коомчулук менен аралашат, алыш-катышы болот. Алардын ар бир сөзүнө, мамилесине жооп беребиз деп жатып энергиясын коротушат. Татаал, чечилбеген суроолор аларды кыйнап коюшу ыктымал. Келин ойлонуп туруп туура чечим кабыл алганы оң. Анткени анын чечиминен көп нерсе көз каранды. Өзү бир чечимге келе албаса психолог менен бетме-бет отуруп сүйлөшүп, кырдаалды анализдеп көрсүн.

Менин кеңешим, кайын журт менен кол үзбөй эле коюңуз. Бирок кайнагаңыз менен бирге жашасам бактылуу болом деген ойдон алыс болуңуз. Ал адам жана анын үй-бүлөсү менен сый бойдон калыңыз. Кыздарыңызга чоң аталык милдетин аткарып жүрө берсин. А сиз болсо башка эле адам менен турмуш курганыңыз оң.

16648
Белгилер:
нике, турмуш, үй-бүлө, келин
Тема:
Психолог менен баарлашуу (80)
Тема боюнча
Балдызымды жакшы көрөм... Жесил кишинин каты
Күйөөмдүн жылуу сөзүн сагынып жүрөм... Жалгызсыраган келиндин каты
Досумдун жубайы бассам-турсам оюман кетпей койду... Эркектин каты