Жээнбеков Красноярск крайындагы окуядан улам Путинге көңүл айтты

Жазылуу
Плотинанын жырылышынан 13 адам каза болуп, 44 киши жабыркаган, 15и дайынсыз болууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, плотинанын эскилиги жеткендиктен иштен чыккан.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге Красноярск крайында дамбанын жырылышынан улам адам курмандыктары болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Красноярск крайында дамбанын жырылышынан улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун жакындары жана туугандарына чын ниеттен көңүл айтам. Жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн каалайм. Аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп айтылат президенттин көңүл айтуу телеграммасында.

Кырсык 19-октябрда Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 05:00дө болгон. Анда эки жатакана суу алдында калган. Алардын ар биринде 80дей адам болушу мүмкүн. Плотинанын жырылышынан 13 адам каза болуп, 44 киши жабыркаган, 15и дайынсыз болууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, плотинанын эскилиги жеткендиктен иштен чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0