Билим берүүнүн алдыдагы 10 жылга белгиленген концепциясы талкууланды

© Sputnik / Расул УсеналиевБишкекте мугалимдердин, педагогика багытындагы илимпоздордун, эксперттердин жана эл аралык долбоорлордун кеңешчилеринин катышуусу менен "Кыргызстанда билим берүүнү 2020-2030-жылдарга карата өнүктүрүүнүн концепциясы" талкууланды
Бишкекте мугалимдердин, педагогика багытындагы илимпоздордун, эксперттердин жана эл аралык долбоорлордун кеңешчилеринин катышуусу менен Кыргызстанда билим берүүнү 2020-2030-жылдарга карата өнүктүрүүнүн концепциясы талкууланды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис келечекте робототехника, биотехнология, IT-технология, нанотехнология жаатындагы кесиптерге суроо талап күч болорун белгиледи.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкекте мугалимдердин, педагогика багытындагы илимпоздордун, эксперттердин жана эл аралык долбоорлордун кеңешчилеринин катышуусу менен "Кыргызстанда билим берүүнү 2020-2030-жылдарга карата өнүктүрүүнүн концепциясы" талкууланды.

© Sputnik / Расул УсеналиевСовещание "Концепция развития образования 2020-2030" в Бишкеке
Бишкекте мугалимдердин, педагогика багытындагы илимпоздордун, эксперттердин жана эл аралык долбоорлордун кеңешчилеринин катышуусу менен Кыргызстанда билим берүүнү 2020-2030-жылдарга карата өнүктүрүүнүн концепциясы талкууланды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкекте мугалимдердин, педагогика багытындагы илимпоздордун, эксперттердин жана эл аралык долбоорлордун кеңешчилеринин катышуусу менен "Кыргызстанда билим берүүнү 2020-2030-жылдарга карата өнүктүрүүнүн концепциясы" талкууланды
© Sputnik / Расул УсеналиевСовещание "Концепция развития образования 2020-2030" в Бишкеке
Аталган концепция көз карандысыз эксперттер тарабынан дээрлик эки жыл ичинде кыргыз тилинде даярдалган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Аталган концепция көз карандысыз эксперттер тарабынан дээрлик эки жыл ичинде кыргыз тилинде даярдалган
© Sputnik / Расул УсеналиевСовещание "Концепция развития образования 2020-2030" в Бишкеке
Аны жазууда билим берүүдөгү улуттук жана дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен улуттук баалуулуктарга басым жасалган.  - Sputnik Кыргызстан
3/3
Аны жазууда билим берүүдөгү улуттук жана дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен улуттук баалуулуктарга басым жасалган.
1/3
Бишкекте мугалимдердин, педагогика багытындагы илимпоздордун, эксперттердин жана эл аралык долбоорлордун кеңешчилеринин катышуусу менен "Кыргызстанда билим берүүнү 2020-2030-жылдарга карата өнүктүрүүнүн концепциясы" талкууланды
2/3
Аталган концепция көз карандысыз эксперттер тарабынан дээрлик эки жыл ичинде кыргыз тилинде даярдалган
3/3
Аны жазууда билим берүүдөгү улуттук жана дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен улуттук баалуулуктарга басым жасалган.

Аталган концепция көз карандысыз эксперттер тарабынан дээрлик эки жыл ичинде кыргыз тилинде даярдалган. Аны жазууда билим берүүдөгү улуттук жана дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен улуттук баалуулуктарга басым жасалган. Андан сырткары, билим берүүдө жаңыча ой жүгүртүү каралган.

Борбор Азия регионалдык институтунун төрагасы, тарых илимдеринин доктору Алмазбек Бейшеналиев билим берүүнү 2030-жылга карата өнүктүрүүнүн бул концепциясы КР "Билим берүү жөнүндө" мыйзамда белгиленген негизги идеяларды улантууну көздөй турганын белгиледи.

"2018-2040-жылдарга карата түзүлгөн Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында "билим берүү системасы ар бир адамдын дараметин ачкан ар тараптуу инсанды тарбиялоого, иш жүзүндө колдонулуучу билимди жана көндүмдөрдү берүүгө багытталат" деп баса белгиленген. Ушуга ылайык ар бир жаран үчүн сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек", — деди ал.

Бейшеналиев коомдогу өзгөрүүлөр эмгек рыногуна да таасир берип жатканын айтып, окуучулардын 60 пайызы жаңы пайда боло турган кесиптерге даяр болушу керектигин кошумчалады. Ал келечекте робототехника, биотехнология, IT-технология, нанотехнологияга суроо талап күч болорун билдирди.

Аталган концепция адистердин, эксперттердин сунуштарын эске алуу менен Билим берүү министрлигине сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0