Жөнү жок сигнал берип ачууга алдырба. Айдоочулук этикет

Жазылуу
Sputnik апта сайын "Этикет" рубрикасынын алкагында коомчулук жүргөн ар кайсы жайларда жана жагдайларда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Айдоочунун рулдагы этикетин эч ким атайын ойлоп тапкан эмес. Ал муктаждыктан улам бара-бара келип чыккан эрежелер тобу. Жолдо жүрүү маданияты бир гана сый мамиле үчүн эмес, коопсуздук үчүн дагы маанилүү.

Автоунаа айдоону үйрөтүү боюнча бир дагы китепке жазылбаган эрежелерди Sputnik Кыргызстандын окурмандарына этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Жөнү жок сигнал бербе

Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жигитине көз артпа. Курбу кыздар ортосундагы этикет
Айдоочулардын арасында өзгөчө топ бар. Сигнал басуу боюнча сынак болсо, гран-прини эч кимге бермек эмес. Себеби жок эле "пипилдеткенди" жакшы көрүшөт. Кээде жол чырактын жашылы күйүп-күйө электе алдыңкы машинанын "жанын" сууруп ала жаздайт. Урматтуу айдоочулар, мындай болбойт. Жол эрежесин туура сактап кетип бара жаткан айдоочуга эч качан сигнал бербеңиз. Сиз шашып же жөн гана ылдам айдагыңыз келгени башкаларга тоскоолдук жаратпашы керек. Эгер тажрыйбалуу айдоочу болсо жакшы, ал абалды дароо түшүнүп, туура чечим кабыл алат. Ал эми рулда жаңы үйрөнүп жаткан адам болсочу. Бир нерсени туура эмес кылып жатам деген ойдо, ката кетирип алса эмне болот?

Тилектештик

Рулга отурары менен адам аял-эркек, кесип же жаш куракка карабай айдоочулардын "уюмуна" кошулат. Жолдогу бир автоунаанын кыймылына тегеректеги көп кишинин тагдыры байланыштуу болот. Андыктан кан жолго чыкканда тилектештик болгону жакшы. Зарыл болгон учурда бирөөгө жол бошотуп, алдыдагы тоскоолдуктар жөнүндө айтып да койгон туура. Ошондой эле сизге ажат ачкан айдоочуга ыраазычылык билдиргенди унутпаңыз.

Агрессиядан алыс болуңуз. Өчөшпөңүз...

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Бири-бириңди сынап, кафеде орун талашпагыла. Кудалашуу маданияты
Агрессия менен жол бири-бирине эч качан төп келбейт. Анткени техника менен жол адамдан чыдамдуулукту жана акыл-эстин тунуктугун талап кылат. "Кырсык каш-кабактын ортосунда" дегендей, рулда бара жатканда эмоцияга алдырып, башка нерсеге алагды болсоңуз, ката кетирип алуу оңой эле. Ал эми айдоочунун катасы канча тагдырды талкалаарын өзүңүз жакшы билесиз. Ошондой эле кыжырланып турган башка айдоочуга өчөшпөңүз. Бирөө менен жөөлөшүп, артынан кууп барып кайым айтышуунун нервди жегенден башка пайдасы жок.

Тазалык

Баягы эле бүтпөгөн тазалык темасын улантабыз. Жолдо унаанын терезесинен таштанды ыргытып же "шалп" эттире түкүрүп койгондор жок эмес. Автоунаада бара жатып таштанды ыргытуу — бул жөн гана айлананы булгоо эмес, арттагы автокөлүктөр үчүн коркунуч жаратышы толук ыктымал.

Туура токто

Темир тулпарды ой келди жерге токтото бербеңиз. Бул башкалардын кыймыл-аракетине тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Өзүңүз деле ойлоп көрсөңүз, чыга калайын десе эле жолду тороп бирөө турса... Мындайда ким жакшы сөз айтмак эле?

Кээде автоунаа токтотуучу жайда дагы туура токтобогон кишилер бар. Эки машина батчу жерге туурасынан же так ортосуна туруп алышат. Булар жөн гана кыжыр келтирбестен, авариялык абалды жаратышы да мүмкүн.

Балдарга сак болуңуз!

Айыл тургуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алган буюмду артыңан чуркатпай кайтарып бер. Кошуна-колоң этикети
Жашы жете элек баланы артка, коопсуздук курун тартып отургузуу жөн гана сунуш эмес, бул — талап! Ошондой эле бала менен бара жатканда, эки эсе сак болуу керек. Терезеден башын же колдорун чыгарып албасын, карап коюп туруңуз.

Атайын автоунаалар менен жарышпаңыз

Тез жардам, милиция, өрт өчүрүүчүлөр... Ишенип коюңуз, сиздин ишиңизге караганда, ушул мүнөттөрдө булардыкы көп эсе маанилүүрөк. Бирөөнүн өмүрүн, дагы бирөөнүн үй-жайын, мал-мүлкүн сактап калуу же кылмышкердин изин суутпай кармоо керек. Бактыга жараша, акыркы жылдарда Кыргызстанда атайын унааларга жол бошотуу маданияты акырындык менен калыптанып келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0