Кароосуз калган автоунаа тоскоол болдубу? Кайрыла турган тараптын тизмеси

© Sputnik / Данияр СандыбаевКароосуз калган автоунаа. Архивное фото
Кароосуз калган автоунаа. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде ээси көпкө көрүнбөй, токтоп турган автоунаа ары-бери жүргөндө тоскоол болуп жатса, бул материалда айтылган номерлерге кайрылсаңыз болот.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ээси белгисиз болуп, көптөн бери токтотулуп же тетиктери чачылган тейде турган автоунааларды ордунан алдыруу боюнча маселе чыкса, райондук администрацияга кайрылса болот. Бул туурасында "Бишкек сегодня" Telegram тайпасында мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова айтып берди.

Шаардыктар төмөнкү телефон номерлерге чалса, тиешелүү жообун алат:

  • Ленин району, Аскат Карынбаев — 0 (550) 997-927, 0 (312) 65-68-78;
  • Октябрь району, Алмаз Турсалиев — 0 (772) 192-074, 0 (312) 57-63-80;
  • Биринчи май району, Мавлян Аскарбеков — 0 (555) 666-096, 0 (312) 66-15-37;
  • Свердлов району, Рустам Касымбеков — 0 (703) 611-806, 0 (312) 36-07-07.

Алмамбетова бул номерлерге турак жай чарбалары боюнча маселе жаралса да кайрыла аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0