Бишкектеги автобустардын айдоочулары жол эрежеси боюнча экзамен тапшырды

Жазылуу
"Эки" деген баа алган айдоочуларга 15-16-октябрга чейин кетирген кемчиликтерин жоюп, кайтадан экзамен тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы автобустардын 343 айдоочусунун 188и жол эрежеси боюнча тапшырган биринчи экзаменде керектүү упай топтой алган эмес. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жөнү жок сигнал берип ачууга алдырба. Айдоочулук этикет
Ал эми 24 айдоочу билимин сыноого маанилүү себептер менен катыша алган жок.

"Эки" деген баа алган айдоочуларга 15-16-октябрга чейин кетирген кемчиликтерин жоюп, кайтадан экзамен тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралган болчу. Жыйынтыгында бардык айдоочулар жол эрежелерин билүү боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырган. 

Белгилей кетсек, 9-октябрдан 11-октябрга чейин Бишкектин жүргүнчү автотранспорту мекемеси айдоочуларга атайын инструктаж өткөн болчу. Аны окуган айдоочулар жол кыймылы эрежелерин билүү жана транспортту эксплуатациялоо боюнча тест тапшырып, андан өтпөй калгандар ишке алынбай турганы кабарланган.

Бишкек мэриясы айдоочулардан тыкан жана оор басырыктуу болууну суранат. Ошондой эле автобустардын ишине байланышкан маселелер болсо 0312 53 48 24, 53 18 17 номерлери аркылуу чалууну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0