Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүЭлектр станциясы. Архив
Электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясын берүү борбор калаанын чок ортосунда жана жаңы конуштарда үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Эртең, 22-октябрда, Бишкектин айрым бөлүгүндө жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 09.30-19.00 — Күрөңкеев көчөсүнүн Тоголок Молдодон Абдрахмановго чейинки бөлүгү, Бакай-Ата конушу;
  • 09.30-17.00 — 12-кичирайондогу №69 үй;
  • 09.00-12.00 — Ибраимов, Байтик баатыр, Горький, Матросов көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 09.00-13.00 — Матросов көчөсүнүн бир бөлүгү, Сумская туюк көчөсү;
  • 10.00-18.00 — Логвиненко, Панфилов, Күрөңкеев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Кара-Жыгач конушундагы Өтмөк-Ашуу, Соңкөл, Ысык-Көл, Керегеташ, Оберон, Жайылган көчөлөрү;
  • 15.00-17.00 — Медеров, Карасаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Гвардейский, Вишневый, Магнитогорск туюк көчөлөрү;
  • 13.00-16.00 — Скрябин, Элебаев, Байтик баатыр көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Типография туюк көчөсү;
  • 09.00-18.00 — Завод, Рыскулов, Жумабек, Кулиев, Фучик, Чымкент көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Краснознаменный туюк көчөсү.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0