Церемония закрытия ММКФ-2018

Жириновский россиялыктарды көп аял алууга чакырды

647
Жириновский энелерге каралчу капиталдын көлөмүн көбөйтүүгө каршы чыкты, себеби ал өлкөдөгү төрөлгөндөрдүн санына эч кандай таасир бербейт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. ЛДПР лидери Владимир Жириновский Россиядагы демографиялык көйгөйдү көп аялдуулук менен гана чечсе болорун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости "Москва" агенттигине таянуу менен жазды. 

"Славяндарда мурда көп аялдуулук болгон, эмнеге аны буздуңар? Жакшы болчу да, азыр калкыбыздын саны миллиард болуп калмак", — деди ал.

Жириновский энелерге каралчу капиталдын көлөмүн көбөйтүүгө каршы чыкты, себеби ал өлкөдөгү төрөлгөндөрдүн санына эч кандай таасир бербейт. Ал, ошондой эле, аялдарга керек болсо миллион рублден төлөп берсе да көп төрөбөй турганын кошумчалады.

Эске салсак, Россияда 2007-жылдан бери "Энелик капитал" программасы иштеп келет. Экинчи же андан кийин төрөлгөн балдар үчүн аялдарга көп балалуу бүлө катары сертификат берилет. Учурда энелик капиталдын көлөмү 453 миң рублди түзөт.

Бул каражатты турак жайды жакшыртууга, балдардын билимине жумшаса болот. Үй-бүлөлүк капиталды сактоо үчүн бул каражаттар накталай түрдө берилбейт.

Кыргызстанда да 2017-жылы көп аялдуулук маселеси коомдо катуу талкууланган болчу. Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов кезектеги телеэфирлеринин биринде экинчи аял алганын билдирип, муну менен башкаларга үлгү болууну максат кылганын айткан.

647
Белгилер:
Владимир Жириновский, үй-бүлө, төрөт
Тема боюнча
Тоолук бир жөнөкөй кыргыз аял. "Курманжан датка" романы тууралуу 12 факты
Уул керек! 21 жолу төрөгөн аял кайрадан боюна бүтүп калгандыгын сүйүнчүлөдү. Видео
Ошко 30-майда Урал авиакаттамдары авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди.

Ошко Екатеринбургдан 233 кыргызстандык кайтып келди

95
(жаңыланган 21:15 30.05.2020)
Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ошко 30-майда "Урал авиакаттамдары" авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды.

"Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдети барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле "Урал авиакаттамдары" компаниясынан мурда билет сатып алгандар кирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

95
Белгилер:
эпидемия, коронавирус, мекендештер, каттам, Кыргызстан, Ош, Екатеринбург
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекке Филиппин жана Түштүк Кореядан 58 жаран кайтып келди
Чүй өрөөнү. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

29
Түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинин кээ бир өрөөндөрүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. 31-майда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Талас менен Чүй өрөөнүндө +28…+33 градус, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +30…+35 жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +23…+28 градус ысык болору айтылды.

Ал эми күндүн табы Бишкек шаарында +30…+32 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто +33…+35 градуска дейре жогорулайт.

29
Белгилер:
май, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Аптанын соңунда жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
Министр: туристтер Ысык-Көлгө эч тоскоолдуксуз кире алат