Бишкектин тротуарлары жапырт оңдолот. Кайсы көчөлөрдө жумуштар жүрөт

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин тротуарлары жапырт оңдолот. Архивное фото
Бишкектин тротуарлары жапырт оңдолот. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалдык кызматтар менен акимчиликтерге оңдоого муктаж болгон тротуарлардын картасын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

 

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Борбор калаанын башчысы Азиз Суракматов тротуарларды куруу боюнча программа башталганын айтты. Бул кабарды мэриянын маалымат кызматы таратты.

Муниципалдык кызматтар менен акимчиликтерге оңдоого муктаж болгон тротуарлардын картасын иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

"Тротуарларды куруу программасына биринчилерден болуп Манас, Айтматов проспектилери кирди. Байтик баатыр көчөсүнөн Абдрахманов, Элебесов көчөлөрүнө чейинкилери оңдолуп, жаңылары түшөт. Андан сырткары Киев, Москва жана Токтогул көчөлөрү да кошулду", — деди мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова.

Учурда мэрия программаны ишке ашыруу үчүн каражат караштырып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0