Бишкекке жылуулук берүү: мэрия келерки аптадан тарта маселени карай баштайт

Жазылуу
Беш күн катары менен абанын температурасы +8 градустан төмөн болгон учурда шаарга жылуулук бериле баштайт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Мэриянын тармактык кызматтары эмки аптадан тарта Бишкек шаарына жылуулук берүү боюнча маселени карай баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Таза суу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин айрым жерлеринде бир күн кечке суу болбойт. Тизме
Маалыматка караганда, жылуулук берүү шаарда беш күн катары менен абанын температурасы +8 градустан төмөн болгондо башталат. Бишкектиктер социалдык тармактарда түнкүсүн батирлер  салкын болуп, жылытуучу каражаттарды иштетип жатканын жазууда. Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, өткөн түнү +4…+6 градус болду.

"Азырынча жылуулук берүүгө зарылдык жок. Тиешелүү адистер келерки аптадан баштап талкуулай башташат. Албетте, эгер аба ырайы кескин өзгөрүп кетсе, шашылыш жыйын болуп, кайсы объектилерге биринчи жылуулук берүү маселеси каралат", — деп айтышты мэриядан.

Өткөн жылы борбор калаага жылуулук 18-октябрдан тарта берилген.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0