Чокморовдун Бишкектеги эстелиги жаңысына алмаштырылат. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор калаада СССРдин эл артисти, сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги. Архив
Борбор калаада СССРдин эл артисти, сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болжол менен бир айдан кийин борбор калаада турган таланттуу инсан Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги жаңысына алмаштырылмакчы. Азыркы турган эстеликке элдин көбү нааразы болгон.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Борбор калаада СССРдин эл артисти, сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги жаңысына алмаштырылат. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор калаада СССРдин эл артисти, сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги жаңысына алмаштырылат
Чокморовдун Бишкектеги эстелиги жаңысына алмаштырылат. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаада СССРдин эл артисти, сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги жаңысына алмаштырылат

Постамент Чүй проспекти менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине 2017-жылы коюлган. Скульптор Алмаз Кожегуловдун колунан чыккан эмгек коомчулуктун көбүнө жаккан эмес, ал тургай бир катарлары Чокморовдун элеси таптакыр башкача болуп калгандыгын айтышкан.

Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонду эстеликти чыгармачыл тажрыйба катары кароого аргасыз болуп, актердун жаңы айкелин жасоого башка скульпторлорду караштыра баштаган.

© пресс-служба мэрии города БишкекЖаңы эстеликти скульптор Азамат Абдрахманов менен архитектор Нурсейит Мамбетказиев жасады
Чокморовдун Бишкектеги эстелиги жаңысына алмаштырылат. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жаңы эстеликти скульптор Азамат Абдрахманов менен архитектор Нурсейит Мамбетказиев жасады

Жаңы эстеликти скульптор Азамат Абдрахманов менен архитектор Нурсейит Мамбетказиев жасады.

Сүймөнкул Чокморовдун кезектеги эстелиги 17-ноябрда кыргыз киносунун күнүнө карата орнотулат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0