Өкмөт аңчылыкка тыюу салган мыйзам долбооруна каршы чыкты

© AFP / JEAN-SEBASTIEN EVRARDАңчы. Архив
Аңчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын аймагындагы төрт жапайы жаныбарга аңчылык кылууга 10 жылга мораторий киргизүү сунушталууда.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Депутаттар демилгелеген "Кыргызстанда жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбооруна өкмөт каршы. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов парламенттин жыйынында билдирди.

Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Экмат Байбакбаев, Эмил Токтошев баштаган 40 депутат демилгелеп, Жогорку Кеңешке алып чыккан. Ага ылайык, 2020-2030-жылдары Кыргызстандын аймагында аркар-кулжа, эчки-теке, элик, марал-бугу, доӊуз сыяктуу төрт жапайы жаныбарга аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталууда.

"Өкмөт бул мыйзам долбоору негизсиз деп корутунду чыгарып берген. Себеби 160 егерге штат керек, бирок бизде штат берүүгө мораторий киргизилген. Андан сырткары, 10 жылдык мөөнөткө техникалык базаларга, айлык акы төлөөгө 493 миллион сом керектелет. Муну биз чече албайбыз", — деди Шерипов.

Депутат Тынчтык Шайназаров "эгер тийиштүү органдар ушуну чече албаса, уят болбой кызматтан кетип эле калгыла" деп нааразы болду.

Белгилей кетсек, бул мыйзам долбоору 2016-жылы да көтөрүлүп колдоо таппай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0