Уулу бажычы, өзү асыл тукум жылкы кармайт. Молдомуса Конгантиев тууралуу 6 факты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев. Архив
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн интернеттин кыргыз сегментинде жаңы "жылдыз" пайда болду. Ал мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев.

Бишкектин четиндеги Алтын-Ордо конушундагы (Полиция шаарчасы) көчөгө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылганы социалдык тармактарда талкуу жаратты. Көпчүлүк "Бул Конгантиевдин кайсы эмгеги үчүн  жасалды?" деген суроо беришти.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги бул адамдын ким экенин эске салуу максатында ал тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады.

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМолдомуса Конгантиев 2008-2010-жылдары Ички иштер министри болуп иштеген
Уулу бажычы, өзү асыл тукум жылкы кармайт. Молдомуса Конгантиев тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Молдомуса Конгантиев 2008-2010-жылдары Ички иштер министри болуп иштеген

Туулган жери, билими жана эмгек жолу

Молдомуса Конгантиев 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Сай шаарында туулган. 1989-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин "Укук таануу" адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун Улуттук банкта күзөтчү катары баштаган. Кийин Социалисттик менчикти уурдоого каршы бөлүмдө нөөмөтчүдөн тарта опер кызматкерге чейин жеткен. Андан соң Жалал-Абад милициясында ар кайсы кызматтарды аркалап жүрүп, 2005-жылы жоогазын революциясынан кийин Бишкек милициясынын жетекчиси болуп дайындалган. Бул кызматта үч жыл отуруп, 2008-жылдын январь айында ички иштер министри болгон.

Талас окуясы жана кылмыш иштери

Конгантиев 2010-жылдын 7-апрель күнү эл Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы митингге чыкканда, нааразычылык эң курч болуп турган Талас шаарына барган. Ошол жерден нааразы болгон митингчилердин колуна түшүп калып, ур-тепкиге алынган. Көп өтпөй аны жубайы Кыргызстандан алып чыгып кеткенин жергиликтүү ЖМКлар жазган. Бирок 26-апрель күнү КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы россиялык кесиптештеринин жардамы менен Москва шаарынан аны колго түшүрүп, Бишкекке алып келген. Ага "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" жана "Шалаакылык" беренелери менен айып коюлган.

© AP Photo / Anatolia via APTN2019-жылдын июль айында Конгантиевди Бишкектин Биринчи Май райондук соту актаган
Уулу бажычы, өзү асыл тукум жылкы кармайт. Молдомуса Конгантиев тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
2019-жылдын июль айында Конгантиевди Бишкектин Биринчи Май райондук соту актаган

Акталышы

Анткен менен туура тогуз жылдан кийин, тагыраагы, 2019-жылдын июль айында Конгантиев Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан айыптоолор боюнча далил табылбагандыктан акталган.

Тууган-уругу

Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра внутренних дел Кашкара Джунушалиева - Sputnik Кыргызстан
Эки ирет Атамбаевдин каарына калып... Кашкар Жунушалиев тууралуу 7 факты
Мурдагы министрдин жакындарынын арасында майлуу-сүттүү кызматтарда иштеген же азыр дагы иштеп жүргөндөр бар. Жалпыга белгилүү болгондой, агасы Камбаралы Конгантиев мурдагы башкы прокурор. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты да болгон. Азыр пенсияда. Анын уулу Кубанычбек Конгантиев 2012-жылдан тарта Бишкек шаардык кеңештин депутаты. Ал эми кызы Зарема Камбаралиевна Конгантиева сот тармагында эмгектенет. Буга чейин Бишкектеги Свердлов райондук сотунун судьясы болгон. Өзүнүн уулу Автандил Конгантиев "Түндүк" темир жол бажысынын жетекчисинин орун басары.

Уулу сабалган

Баса, уулу Автандил 2018-жылдын аягында сабалып, иши сотко чейин жеткен. 35 жаштагы Автандил Конгантиев Лебединовка айылындагы ресторандардын биринин жанынан түн ичинде эч себепсиз токмок жедим деп Аламүдүн райондук милициясына арыз жазган. Кийин шектүүлөр кармалган. Алардын бири мурда бажы кызматында иштегени айтылган. Кийин жергиликтүү ЖМКлар тараптар элдешкендиги тууралуу жазып чыкты.

© Фото / из личного архива Молдомусы КонгантиеваМолдомуса Конгантиев аламан улакка чабылган асыл тукум жылкыларды кармайт
Уулу бажычы, өзү асыл тукум жылкы кармайт. Молдомуса Конгантиев тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Молдомуса Конгантиев аламан улакка чабылган асыл тукум жылкыларды кармайт

Аламан улакка түшкөн аттары бар

Жыл башында Sputnik Кыргызстан редакциясы асыл тукум жылкылар тууралуу макала даярдап жатканда, Молдомуса Конгантиев менен байланышкан. Анда өзү жылкыга кызыгаарын жана аламан улакка салган бир нече аттары бар экенин айтып берген. Ат спортун сүйүүчүлөрдүн арасында белгилүү Генерал жана Навигатор аргымактары Конгантиевге тиешелүү. Алар Кыргызстандагы зоот деп эсептелген аттардын катарына кирери да айтылып жүрөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0