Курсан Асановдун ордуна келген Памир Асанов пенсияга кетеби? ИИМдин жообу

Жазылуу
Ведомстводон кызматкерди жашы 55ке чыгары менен жумуштан четтетүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам 2020-жылдын 3-февралында күчүнө кирерин билдиришти.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Памир Асановду так туулган күнүндө пенсияга кетирбей деле койсо болот. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар менен социалдык тармактардын колдонуучулары Асанов 16-октябрь күнү 55 жашка чыгарын, бул нерсе ага азыркы кызматында отурууга жол бербесин жазып чыгышкан. Маалыматка караганда, мыйзам боюнча ал кызматтан четтетилип же генерал наамы берилиши керек.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Молдомуса Конгантиевдин аты көчөгө эмне үчүн берилди. Бийликтин түшүндүрмөсү
ИИМ ушул жылдын 1-январынан тарта жаңы талаптар ишке кирип, тергөөчүлөр менен алдын ала иликтөөчүлөрдүн ролу өскөнүн маалымдады. Ал эми Асановдун тажрыйбасы мол болгондуктан, дал ушул тармакты жетектөө үчүн министрдин орун басары болуп дайындалганы белгиленди.

Министрлик "КРдин ички иштер органдары тууралуу" мыйзамынын 7-2-беренесине таянууда. Ага ылайык, жогорку жана орто даражадагы чиндери бар кызматкерлер башкаруучу кызматтарда 55 жашка чейин иштей алат.

"Бирок азыр иштеп жаткан мыйзамда кызматкер 55 жашка толгон күнү жумуштан кетиши керек деп так жазылган эмес. Жашы жеткендер рапорттун негизинде гана иштен алынат", — дешти ИИМден.

Ведомстводон кошумчалашкандай, кызматкерди жашы 55ке чыгары менен жумуштан четтетүүгө мүмкүнчүлүк берген "КРдин укук коргоо органдарында кызмат өтөө тууралуу" мыйзамы 2020-жылдын 3-февралында күчүнө кирет.

Эске салсак, Памир Асанов 2019-жылдын 13-августунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ордуна келген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0