Министерство образования и науки Кыргызстана представило эскизы здания филиала Московского государственного университета имени М. В. Ломоносова в Оше

Кыргызстанда ачыла турган МГУ филиалынын курулушу башталат. Эскиз

522
Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жазында Бишкекте өткөн Россиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда макулдашылган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы өз ара кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

  • Министерство образования и науки Кыргызстана представило эскизы здания филиала Московского государственного университета имени М. В. Ломоносова в Оше
    Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы өз ара кызматташууну талкуулашты
    © Фото / Министерство Образования и Науки КР
  • Министерство образования и науки Кыргызстана представило эскизы здания филиала Московского государственного университета имени М. В. Ломоносова в Оше
    Жолугушууда тараптар Ош шаарында ачыла турган Москва мамлекеттик университетинин филиалынын иштөө шарттары, окуу жайдын имараты тууралуу жагдайларды сүйлөшүштү
    © Фото / Министерство Образования и Науки КР
  • Министерство образования и науки Кыргызстана представило эскизы здания филиала Московского государственного университета имени М. В. Ломоносова в Оше
    Министр элчини Ломоносов атындагы университеттин филиалынын архитектуралык долбоору менен тааныштырып, имараттын курулушу бир айдын ичинде башталаарын айтты
    © Фото / Министерство Образования и Науки КР
  • Министерство образования и науки Кыргызстана представило эскизы здания филиала Московского государственного университета имени М. В. Ломоносова в Оше
    Исаков окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча студенттерди окутуу максаттуу экенин белгиледи.
    © Фото / Министерство Образования и Науки КР
1 / 4
© Фото / Министерство Образования и Науки КР
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы өз ара кызматташууну талкуулашты

Жолугушууда тараптар Ош шаарында ачыла турган Москва мамлекеттик университетинин филиалынын иштөө шарттары, окуу жайдын имараты тууралуу жагдайларды сүйлөшүштү.

Министр элчини Ломоносов атындагы университеттин филиалынын архитектуралык долбоору менен тааныштырып, имараттын курулушу бир айдын ичинде башталаарын айтты. Исаков окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча студенттерди окутуу максаттуу экенин белгиледи. Мындан сырткары, Москва мамлекеттик университетин аяктаган окутуучулардын, илимий даражалуу адистердин реестри түзүлгөнүн кошумчалады.

Өз кезегинде Николай Удовиченко кыргызстандык студенттер үчүн Россиядагы университеттерде берилип жаткан квотаны көбөйтүү керектигин айтты.

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жазында Бишкекте өткөн Россиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда макулдашылган.

522
Белгилер:
Николай Удовиченко, Россия, Кыргызстан, Каныбек Исаков, Билим берүү жана илим министрлиги
Тема боюнча
Ошто ачылчу МГУнун филиалында окуй тургандардан акы алынбайт
Бейшеналиев: билим берүү тармагы шайлоо учурунда көзүр мекемеге айланат
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Песков Путиндин "унутуп калган" көйнөгүн саткан жарнама боюнча айтып берди

72
(жаңыланган 20:33 04.07.2020)
Жарнамада көйнөк отелдин номерин тазалап жатканда табылгандыгы, бирок андан кийин атайын жуулбагандыгы, эгерде керек болсо сатуучу аны экспертизага берүүгө даяр экендиги айтылган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Интернеттеги "Россия президенти Владимир Путиндин унутуп таштап кеткен көйнөгү сатылат" деген кабарга лидердин маалымат катчысы Дмитрий Песков комментарий берип, ага ишенбеш керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Элге белгилүү болгон сайттардын бирине "Нижний Новгород аймагындагы Sheraton мейманканасына президент Путиндин унутуп таштап кеткен көйнөгү сатылат" деген жарнама чыккан. Анда көйнөк отелдин номерин тазалап жатканда табылгандыгы, бирок андан кийин атайын жуулбагандыгы, эгерде керек болсо сатуучу аны экспертизага берүүгө даяр экендиги айтылган. Көйнөк 165 миң рублга бааланган. Путин аталган шаарда соңку ирет 2019-жылдын 10-ноябрында Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча президенттин алдындагы кеңештин отурумуна катышкан.

Путин жыйында калемин столго ыргытып жиберип, министрлерден отчёт сурады. Видео

Сатуучу көйнөк дагы деле сатыкта экендигин айткан. Анын сөзүнө караганда, "кийимдин президентке таандык экендиги боюнча жазылган эч кандай атрибуттар жок, бирок зарыл болсо ДНК-экспертизага берүүгө даяр".

Песков мындай кулактандырууларга ишене берүүгө болбой тургандыгын айткан.

"Жок. Андай болууга мүмкүн эмес", — деген ал көйнөк чын эле президентке таандык болушу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып.

Путин буга чейин журналисттерге кабинетиндеги жашыруун бөлмөсүн көрсөтүп, ал ЖМКлардын эле эмес, коомчулуктун дагы кызыгуусун жараткан.

72
Белгилер:
отель, көйнөк, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Путин кабинетиндеги жашыруун бөлмөсүн көрсөттү. Видео
Путин чүмбөттөлүп алып коронавируска кабылган жарандарын көрүп чыкты. Видео
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы, машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов. Архив

Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедовдун сөөгү Дагестанда жерге берилди

71
(жаңыланган 20:07 04.07.2020)
Маалыматта машыктыруучуну акыркы сапарга узатуу зыйнатына Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун дагы катышканы айтылат.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы, машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедовдун сөөгү кичи мекенинде жерге берилди. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, коштошуу зыйнатына Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров дагы катышкан.

Россиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурмагомедовдун сөөгү Дагестандын Кизилюртов районунун Кироваул айылына коюлган.

UFC чемпионунун атасы коронавирустун оор түрү менен жабыркап Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган. Ага эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлуп, андан кийин инсульт алган. Бул дарттан айыга албай 3-июль күнү 58 жаш курагында каза тапты.

"Аны акыркы сапарга узатууга көп адам катышкан жок. Туугандары жана Москвадан спортчулар келди", — деп айткан Кироваул айылынын башчысы Ильяс.

Мушкер Хабиб Нурмагомедовго UFC уюмунун президенти Дана Уайт көңүл айтып, спортчунун атасынын жашоодогу орду тууралуу айтып берген видеосун жарыялады.

​Ошондой эле Хабибдин октагондогу атаандаштары Конор Макгрегор жана Тони Фергюсон сыяктуу бир катар спортчулар көңүл айткан.

71
Белгилер:
жерге берүү, сөөк, машыктыруучу, Дагестан, Абдулманап Нурмагомедов
Тема боюнча
Белгилүү ырчы-обончу Тургуналы Нурматовдун жерге качан берилери айтылды
Коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шердин сөөгү кичи мекенинде жерге берилди