Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү узартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтү 26-октябрда соңуна чыкмак. Мурдагы президентти дагы эки айга кармоо чечими чыкты.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди тергөө абагында кармоо мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти алдын ала угуу учурунда кабыл алынган.

Жактоочулар Атамбаевди дагы эки айга камакта калтыруу боюнча соттун токтомун алышкан. Анын тергөө абагындагы мөөнөтү 26-октябрда соңуна чыкмак.

Батукаевдин иши

Карамушкина вице-спикер Касымалиева менен уруша кетип, залдан чыгып кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Карамушкина вице-спикер Касымалиева менен уруша кетип, залдан чыгып кетти. Видео
Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу делип бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен.

2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0