Вице-мэр: Киев көчөсүндө автоунаа жүрбөйт. Жөө кишилерге ылайыкташат

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шопоков көчөсүндө да сейилдөөчү аймак түзүү пландалып жатат. Бул 2020-жылы ишке ашышы ыктымал.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Мэрия Бишкектин Киев көчөсүн жөө кишилер жүрүүчү көчө кылууну пландап жатат. Бул тууралуу турак жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Мирлан Амантур Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул 2020-жылы ишке ашышы ыктымал.

"Линейная көчөсүн ачып, аны алты тилкелүү кылууну пландадык, ал эми Киев көчөсү Манас проспектисинен Ибраимовго чейин жөө кишилер жүрүүчү көчө болот. Шопоков көчөсүн да Киевден Фрунзеге чейин жөө кишилерге ылайыктайлы деп жатабыз", — деди Мирлан Амантур.

Ал ошондой эле аталган эки көчөдө велосипед үчүн да атайын жол курула турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0