БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президент өз сөзүндө Абдыкадыр Орозбеков эл арасында "Аксакал", "Биринчи төрага" деген наам менен таанылганын айтты.
"Абдыкадыр Орозбеков эч нерседен тайманбаган, акты ак, караны кара деп, чындыкты бетке айткан адам болгону көптөгөн тарыхый булактарда бар. Кандай курч маселе болбосун, эч качан бой көтөрбөстөн эл менен биргеликте чечкен", — деди Жээнбеков.
Абдыкадыр Орозбековдун кыскача өмүр баяны
Ал 1889-жылы жарык дүйнөгө келип, атасынан эрте ажырап, кедейликтин запкысын бала кезинен тарткан.
1918-жылы 28 жаш курагында большевиктердин катарына өтүп, Кызыл Армиянын Фергана штабында алгач кызыл гвардиячы, кийин командири болуп дайындалган. Жер-жерлердеги элдик бийликтерди бекемдөө боюнча зор эмгеги жогору бааланып, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Кыргыз элинин жаркын келечегин баарынан жогору койгон Абдыкадыр Орозбеков чыгаан, таланттуу, мекенчил жетекчилерди кызматка даярдаган. Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Ишеналы Арабаевге окшогон тарыхый инсандар менен кыргыз мамлекетин өнүктүрүү ишинде үзөңгүлөш болгон.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.
Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.