Мени түрмөдө Раша дешчү. Бутина абактагы күндөрү жөнүндө айтып берди

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМария Бутина, освобожденная из тюрьмы в США, отвечает на вопросы журналистов в международном аэропорту Шереметьево имени А. С. Пушкина в Москве.
Мария Бутина, освобожденная из тюрьмы в США, отвечает на вопросы журналистов в международном аэропорту Шереметьево имени А. С. Пушкина в Москве. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мария Бутина АКШда 18 ай абакта жатып, 26-октябрда Россияга кайтып келди. Ал бир жарым жыл ичинде эмнелерди көрүп, кандай абалга туш болгондугун Sputnik менен RT агенттиктерине айтып берди.

Ал АКШдан чыккандан кийинки абалы туурасында айтып берип жатып, жашоосу эки бөлүккө бөлүнүп калгандай сезим болгондугун баяндаган.

"Жашоом экиге бөлүнгөндөй сезимде калдым. Мунун баары болуп келе жатып эле кайра мени менен байланышпагандай сезилип жатат. Мени ошол камалганым сактап калды окшойт. Азыр баары жакшы жакка багыт алгандай сезимде турам. Бейиш сымал. Баары сонун", — деген ал АКШдан учуп чыккандан соң бир нече сааттан кийин.

Бутина абактан бир нече күн эрте бошогон.

"Баары пландагандай болгон жок. Мени эртең мененки саат сегизде алып кетет деген кагаз беришти. Албетте, ал учурда эмес, саат алтыда алып кетишти. Баарын бөлүмдөргө жаап, мени караңгы жерге алып келишти.

...Беш ай жалпы тартипте кармап турушту. Айтсаңыз, ушул шоунун кереги бар беле? Мени кассага алып барып тыйынга чейин санап беришти. 11 цент ашык эсептешти. Тим эле баары идеалдуу десеңиз. Нак. Доллар менен. Өз-өзүнчө бөлүп коюшту. Конвертке салып берип "Мария, чөнтөгүңүзгө салыңыз" дешти. Ар бир айда 28 доллар 80 цент иштеп таап турдум. Андыктан Америка түрмөлөрүндө жыргал жашоо дегендер жаңылышат. Ал жер — тозок. Иштен баш тарта албайсың. Эгерде анте турган болсоң, сени изоляторго жиберишет. Андыктан Америкада кулчулук бар.

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүПрилет Марии Бутиной в Москву
Мени түрмөдө Раша дешчү. Бутина абактагы күндөрү жөнүндө айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Прилет Марии Бутиной в Москву

... Мени кайрадан темир торго алып келип камашты. Тамак сурап ичкенге аракет кылдым. Эптеген бир нерсе беришти. Көрсө, мага тамак да каралбаптыр. Анан бир нече сааттан соң маршалдар менен арткы эшик аркылуу алып кетип, эки автоунаага отургузушту. Бирөөсүнө мен түштүм, экинчисине маршалдар отурушту. Ошо. Себеби эшиктин алдында журналисттер болгон экен.

Мени кайрадан бир бөлүмдөргө арткы эшик аркылуу алып келишти. Андан соң миграциялык кызматтын кеңсесине кирдик. Ал жерден төрт саат кармап турушту. Качан жеткире тургандыктарын айтышкан да жок. Ачка отурдум. Муздаткычтан бир нерсе таап алып, жылытышты окшойт, тамактандырышты. Суу сурап ичтим, Америкада ал тартыш окшойт го. Жыйынтыгында бош камерада төрт сааттай отурдум. Андан кийин алып кетишип, аэропортко жеткиришти", — деп айтып берген абактагы акыркы суткалары туурасында.

Маектин жүрүшүндө россиялык кыз өзүнө "Ушунчалык эле коркунучтуу кылмышкерминби?" деген суроо берип, баянын андан ары улаган.

"Ал жерден Таллахасси – Майами каттамына отургузушту. Жерге конорубуз менен шайма-шай даярдыктагы алты жоокер тосуп алды. Мен ушунчалык эле кооптуу адаммынбы? Кайрадан бир жакка алып барып, темир тордун артына отургузуп коюшту. Анын эшиги да жабылбайт экен. Акыры стул менен тиретишип, ал жерге маршалды отургузушту. Кызык, мен ал жерден качып кетемби? Тамак сурасам эптеп нан таап, өзөк жалгатышты.

Участники договоренности об освобождении между Россией и Украиной прилетели в Москву - Sputnik Кыргызстан
Кирилл Вышинский Москвага келди
... Мага атама чалганга уруксат бере тургандыктарын айтышкан. Акыры "Аэрофлоттун" балдары мага бул жерден жардамга келди. Жок дегенде атама куш тилиндей кабар бере алышты. Менин каттамым учуп келгенде ата-энеме бир ирет телефон чалганга уруксат берерин айтышкан. Андан кийин ажатканасы бар камерада кармашты. Айнектен баары даана көрүнөт экен. Ал жерде "Эркектер үчүн" деп жазылып турат. Мен деген аял кишимин да... Бир топтон кийин мени учакка алып келип, колума кагазды карматышып, "Көрүшкөнчө, жакшы бар" дешти", — деп айтып берген Бутина.

Журналист анын үйүндө, мекенинде күтүп жаткандардын даярдыгы кандай болду экен деген суроо узаткан.

"Апам көптөн бери даярданып, кандай тамак ичеримди сураган. Чынын айтайын, апамдын көңүлү оорубасын, тынч болсун деп сүйлөшө берчүмүн. А негизи эмне кийип, эмне ичерим анча деле маанилүү эмес да. Эне үчүн кызы келе жаткан чоң бакыт эмеспи. Булардын баары психологиялык жактан өтө маанилүү. Бул күндүн келерин билгем, бирок баары бир коркуп калгам, себеби мени көп ирет алдашты да... ", — деген Бутина.

Ал Москвада бир-эки күн болуп, андан соң Барнаулга сапар аларын айткан.

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүПрилет Марии Бутиной в Москву
Мени түрмөдө Раша дешчү. Бутина абактагы күндөрү жөнүндө айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Прилет Марии Бутиной в Москву

Ал өзүнө коюлган күнөө болбогон жерден тагылган, ойго келбеген нерсе экендигин айткан.

"Чынын айтам, болбогон кеп. Алгач ишене алган жокмун. Коюлган күнөөнү, кагаздарды көргөндө жагымсыз бир тамаша деп ойлодум. Анан да сенин Twitter баракчаңдагы тантыраган котормо. Жүрөк айланат...

Алар чын эле шектүү бирөөнү кармап алдык деп ойлошсо керек. Адамды кармоодон мурда ага кандайдыр бир негиз болушу керек. Түрмөгө тыга коюп, менин окуямдай кылып, кийин сураштырып алабыз деген болбойт", — деп ызалана жооп узаткан.

Журналист "Сиз баары бир күнөөнү моюнга алдыңыз, мажбурлаган кадам болдубу? Буга кантип бардыңыз?" деген суроо узаткан.

"Мыйзамсыз эч нерсе кылбаган адам катары, катталбаган чет элдик агент катары күнөөмдү мойнума алдым. Мени менен сүйлөшүп алып, бир келишимге бириккен адам да болгон эмес. Документтериме караганда, Америка атуулу менен достук маанайдагы кечки тамакты ичүү үчүн каттоодон өткөн эмес экенмин. Бул жердеги күнөөм катталбагандык болду. Таңгалганым, мени түрмөгө отургузгандан кийин эмнеге жетебиз деп ойлошкон. Басым жасалбаптырбы деп жатышат. Албетте, андай нерсе болду. Күнөөлөгөн бардык документке кол койгонго чейин 10 күн мурда мени кайрадан изоляторго отургузушту. Бул — билип туруп жасалган нерсе. Бул — адамды сындырабыз деген ниет. Бардык сырларды ачып, айтып бер деп ишендирүү аракети. Бирок менде эч кандай деле сыр жок да", — деген Бутина.

Ал 18 ай ичинде эң кыйын эмне болгондугун төмөнкүчө түшүндүргөн.

22 октября 2019. Президент РФ Владимир Путин и президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган на пресс-конференции по итогам встречи. - Sputnik Кыргызстан
Путин менен Эрдогандын 6 сааттык сүйлөшүүсү аяктады. Тагдыр чечкен кадамдар
"Ата-энеңден бөлүнүп калуу экен. Аларга телефон чалууга мүмкүнчүлүк бербей койгондо кыйын болду. Мага өз болуп калган тааныш үндү бир жумада бирден угуп туруу ички дүйнөмө азык берип турду", — деген ал жакын адамдарынын берген дем-кубаты туурасында.

Ал ФБР агенттери 52 сааттык сүйлөшүүдө эмнени сураганы боюнча айтып берген.

"Эч нерсе деп деле сүйлөшкөн жокпуз. Камерадан алып кетип жакшылап тамактандырышты. Соболдору биринчи сессияда эле бүтүп калды. Себеби сурай турган эч нерсе жок болсо эмнени айтам. Анан менин өкмөткө иштей турганыма кызыгышты. Дароо эле "жок" деген жоопту угушту. Айткандарымдын чын экендигин далилдеген кагазымды беришти. Документ менен тастыкталды. Электрондук китептеримден тарта компьютеримдегилерди, башкаларды алып кетишти. "Эмне үчүн Торшин менен болгонсуң, эмнеге буларды жасагансың?" деген суроону көп узатышты. Алар адамдар мамлекет ортосундагы достук мамилеге ишенгендиктен жакшы иштерди жасарына ишене алышкан жок. Себеби адамдардын моралдык жалпы принциптери бар экенинен күмөн санап жатышты. Менин 15 жашымдагы сүрөттөргө чейин казып чыгышты, досторумду бирден көздөн өткөрүштү, чоң энелеримдин аттарын сурашты. Бул алардын 52 саат бою маанилүү бир иштерди жасап жатканын көрсөтүүгө кылган аракети болду. Бул — болгону жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн болгон аракет эле. А негизи эч кандай маанилүү маселени талкуулаган жокпуз", — деген ал.

Бутина түрмөдөгү бул күндөрү кимдир бирөөлөр менен достошо алган-албаганы туурасында айтып берген.

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүПрилет Марии Бутиной в Москву
Мени түрмөдө Раша дешчү. Бутина абактагы күндөрү жөнүндө айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Прилет Марии Бутиной в Москву

"Таллахассиде менин жакшы досум калды. Абактагы күндөрдү чогуу өткөрдүк. Ал — 60 жаштагы аял. Дин, ишеним туурасында көп сүйлөшчүбүз. Библияны бирге окуп, убактыбызды бирге өткөрдүк. Ал мени сактап калган периште болду окшойт. Ата-энем аны тааныбаса деле салам айтып коюшумду суранар эле. Ал да бир күнү бошонуп, бизге, менин үй-бүлөмө конокко келет деген тилектемин. Ал менин насаатчым, экинчи энем болуп калды. Анын аты Финляндия. Элестетсеңиз!" — деген ал.

Журналист Финляндия менен Россия кантип тил табышты деген суроо узаткан.

"Алар менин ысымымды такыр эле эстей албай коюшту. Буга себеп ал жакта мексикалык калк, латын америкалыктар көп болгондуктан Мария деген ат менен эстеп калуу татаалдык жаратты. Андыктан Раша (Russia) деп алышты. Раша, бери кел! Финляндия менен Россия ошентип жакындашкан", — деп айтып берген ал.

Соңку суроо Россиянын көңүлү ошол кыйын учурда ага бурулуп турганы, атак-даңк, белгилүүлүк боюнча болгон.

"Жоопкерчиликти сезесиң. Балким, көп нерсени саймедиреп айта берсем деле болмоктур. А бирок сага көптөгөн көздөр кадалып, сен көңүлдүн борборунда турганда ката кетирип алуудан коркот экенсиң", — деп жыйынтыктаган сөзүн Бутина.

Маекти толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен орус тилинде окуй аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0