Мэр Бишкектин үйлөрүнө жылуулук берүүнү тапшырды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРабота ООО "Управляющая компания "Влад-Дом" в Первомайском районе Владивостока
Работа ООО Управляющая компания Влад-Дом в Первомайском районе Владивостока - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэри Азиз Суракматов дем алыш күндөрү вице-мэрлер менен биргеликте райондордун кышка даярдыгын текшерген. Алдыда жыйын өткөрүүнү пландап жатат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкектин мэри Азиз Суракматов шаардыктардын үйүнө жылуулук берүүнү тапшырды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ремонт улицы Московской в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мэрия Бишкектин Москва көчөсүндөгү люктар ачык экенин эскертти. Сүрөт
Мэрия күзгү-кышкы сезонго даярдык боюнча жыйын өткөргөнү жатат. Чогулуш качан болору айтыла элек.

Суракматов дем алыш күндөрү вице-мэрлер менен биргеликте райондордун кышка даярдыгын текшерген. Ал калаа тургундары, мектеп жана бала бакча директорлору менен жолугуп, имараттын, класстардын жылуулугу кандай болуп жатканына кызыкты.

Мэр орун басары Мирлан Амантуровго жыйын өткөрүүгө даярдык көрүп, шаардыктарга жылуулук берүү боюнча тапшырма берген.

Буга синоптиктер жакынкы убакта суук түшөрүн айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0