Бишкекке жылуулук берилчү болжолдуу күн айтылды

© Фото / Pixabay / Olivier NyssensПодготовка к подаче отопления
Подготовка к подаче отопления - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрияда күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны болгон. Вице-мэр жылуулукту берүүнү качанкыга пландап жатканын айтты.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы 1-ноябрдан тарта жылуулук берүүнү пландап жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга турак жай коммуналдык чарбасын тескеген вице-мэр Мирлан Амантуров билдирди.

Анын айтымында, бүгүн күз-кыш мезгилдерин өткөрүү боюнча штабдын жыйыны болгон.

"Азырынча буйрук чыга элек, бирок 1-ноябрдан тарта берүүнү болжолдоп жатабыз. Жылуулук биринчи социалдык объектилерге, андан соң шаардыктарга берилет", — деди Амантуров.

Белгилей кетсек, синоптиктер жакынкы убакта суук түшөрүн айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0