Кашкар Жунушалиев ИИМ кызматынын жетекчилерин сындады. Кимдер тил укту?

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция главы МВД Джунушалиева по итогам 9 месяцев работы
Пресс-конференция главы МВД Джунушалиева по итогам 9 месяцев работы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министри сегиз кызматтын жана ИИБдин жетекчилерин өз ишин толук аткарбай жатканын белгилеп, аларга бир нече эскертүү берди.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Министр Кашкар Жунушалиев ИИМдин борбордук аппаратынын жана жетекчилеринин жасаган иштери таасирдүү болбой жатканын айтып, аларды сынга алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 28-октябрда Ички иштер министрлигинде коллегия өттү. Ал белгиленген маселелердеги азыркы көрсөткүчтөр жетекчилердин иш билги жөндөмүнүн төмөн экендигин баса белгиледи.

Ички ичтер министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Курсан Асановдун ордуна келген Памир Асанов пенсияга кетеби? ИИМдин жообу
Жунушалиев Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ), Ички аскерлер, Маалымат технологияларынын башкы башкармалыгы, Баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы, Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы, Чүй облустук ИИББи, Жалал-Абад ОИИБи коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жасаган иштери таасирсиз болуп жатканын айтып, сындады. Министр андан сырткары ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ишине канааттанбай турганын айтты.

Өзгөчө ЖКККББ министрдин катуу сынына кабылды. Быйыл 9 айдын жыйынтыгында каза болгондордун саны былтыр ушул мезгилге салыштырмалуу 12,2 пайызга өскөн (4179дан 4691ге көбөйгөн). Каза болгондордун саны 9,2 пайызга (484төн 529га), ар кандай жаракат алгандардын саны да 14,3 пайызга (6353төн 7265ке) жогорулаган.

Уят барбы? Милиция жол чийиндеги окуучуларды коюп кете жаздады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Уят барбы? Милиция жол чийиндеги окуучуларды коюп кете жаздады. Видео
Жунушалиев тартип бузган, тажрыйбасы аз жана жол эрежесин бузган айдоочулар олуттуу жол кырсыктарынын болушуна себепчи экенин билдирип, жолдордун начар жарыктандырылышынан улам жол кырсыктары болуп жатканын кошумчалады.

Коллегиянын жыйынтыгында бир катар жетекчилерге эскертүү берилип, айрымдарынын аракеттерине жыл аягында баа берилмей болду. ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраиловго кызмат ордуна туура келбей турганы эскертилип, жакын арада кетирген кемчиликтерин жоюу тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0