Ноябрдан тарта билим берүү тармагында айлык берүү автоматташтырыла баштайт

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча санап жаткан аял. Архив
Акча санап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноябрь айынан тарта бул система Ысык-Ата, Түп райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде иштей баштайт.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. 2020-жылдын 1-январынан баштап бардык мектептерде, бала бакчаларда, кесиптик лицейлерде, балдар чыгармачылык борборлорунда айлык акыларды берүү иши толук автоматташтырылган форматка өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

"Айлык акыларды автоматташтырууга өткөрүү менен эмгек акыга каралган каражатты майнаптуу, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт. Негизсиз маяна алып жүргөндөр ачыкка чыгат жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачылат. Тиешелүү текшерүү органдары берген кемчиликтер ордуна келет жана ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат", — деп айтылган маалыматта.

Школа № 59 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Айлык көтөрүлгөндөн кийин мугалимдер канча алат. Таблица
Ноябрь айынан баштап бул система Ысык-Ата, Түп райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өтмөкчү. Андан сырткары, тиешелүү бардык бухгалтерия кызматкерлери үчүн семинар-окутуулардын өтөрү айтылды.

Эске салсак, 1-октябрдан тарта билим берүү тармагындагы 120 миң кызматкердин маянасы 30 пайызга жогорулаган.

"Ноябрдын башталышында ар бир мугалим көбөйтүлгөн айлык акынын көлөмүн сезилээрлик билет", — деп кабарланган маалыматта.

Sputnik Кыргызстан мугалимдердин айлыгы категориясына жараша канчага көтөрүлөрүн график менен эсептеп көрсөтүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0