Бишкектеги бейтапканалардын бардыгы электрондук форматка өттү

© Sputnik / Жоомарт УраимовЦифровизация поликлиник Бишкека
Цифровизация поликлиник Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медициналык амбулатордук картада бейтаптын оорулары тууралуу бардык маалыматтар камтылган болот. Бул өз учурунда дарыгерлердин ишин жеңилдетет.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкектеги үй-бүлөлүк медициналык борборлордун бардыгы электрондук иш формасына өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин электрондук борборунун директору Бахтияр Станбеков билдирди.

Ал Sputnik радиосунун эфиринде сүйлөп жатып, бейтапканаларды санариптештирүү иши быйыл активдешкенин билдирди.

"Бүгүнкү күндө Бишкектеги үч үй-бүлөлүк борбордон башкасы электрондук формада иштеп жатат. Акыркы үчөө жакынкы арада ишке киришет, учурда кызматкерлерди окутуу иштери жүргүзүлүүдө. Эми ар бир бишкектик жаран дарыгерге сайт аркылуу эле жазыла алат. Электрондук кабинетке кирүү үчүн паспортто көрсөтүлгөн ПИНди жана телефон номерди терүү жетиштүү. Ошондой эле дарыгерге мурдагыдай эле телефон же регистратура аркылуу дагы жазылса болот. Сайтта тийиштүү маалыматтардын бардыгы бар", — деди Станбеков.

Ал ошондой эле медициналык амбулатордук картада бейтаптын оорулары тууралуу бардык маалыматтар камтылаарын айтты. Бул өз учурунда дарыгерлердин ишин жеңилдетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0