Майра Керим кызы менен айтышканын унутпайт. Азамат Болгонбаев тууралуу 10 факты

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкын Азамат Болгонбаев. Архивдик сүрөт
Акын Азамат Болгонбаев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Залкар акындар Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаевдердин таалим-тарбиясын алган ак таңдай акын Азамат Болгонбаевдин бүгүн туулган күнү. Акын 36 жашка чыкты.

Орустардын арасында жүрүп акын болгон Азамат Болгонбаев тууралуу 10 факты сунуштайбыз.

Атасы — афган согушунун ардагери. Азамат Болгонбаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылында төрөлгөн. Атасы Таалай — афган согушунун ардагери. Согуштан келгенден кийин бөйрөк оорусуна кабылып, 2009-жылы 49 жашында көз жумган. Апасы Гүлмира Ысык-Көлдүн кызы. 2000-жылдарга чейин Россияга барып соода кылып, дүкөн ачып иштеткен. Азыркы тапта ардактуу эс алууда.

Үйдүн улуусу. Азамат Болгонбаев үч бир туугандын улуусу. Назира аттуу карындашы мамлекеттик кызматкер. Ал эми иниси Самат энергетика тармагында иштейт. Атасынын көзү өткөндө түйшүк, жоопкерчилик акындын мойнуна жүктөлөт. Ал кезде Болгонбаев жаңы эле үйлөнүп, түтүн булата баштаган. Ага карабай ини-карындашынын жогорку билим алуусуна бардык шартты түзүп, үйлөнтүп-жайланткан. 

© Фото / из личного архива Азамата БолгонбаеваАзамат Болгонбаев үч бир туугандын улуусу
Майра Керим кызы менен айтышканын унутпайт. Азамат Болгонбаев тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Азамат Болгонбаев үч бир туугандын улуусу

Акындыкка карай жол. Азамат Болгонбаев буга чейин берген маегинде "орустардын арасында жүрүп акын болгом" деп айткан эле. Арашан айылы борборго жакын болгондуктан орус, кыргыз мектептеринде билим алган. 1-класска киргенде эле ата-энеси аны комуз ийримине жаздырып коёт. Комуз чертип мектептин, айылдын иш-чараларына калбай катышып, эл алдына чыга баштайт. 7-класстан тарта Абдылашым Ысмайыл деген агайы аны акындык өнөргө тарбиялап, таптай баштаган. "Ал киши мени таң атпай издеп келиптир. Ырдатып, комуз черттирип, анан мага "келип тур" деди. Таң калганым, ошондо жалкоолонуп барбай деле койсом болмок. Себеби ал киши үчүн он чакырым жолду жөө басып барыш керек эле. Өнөргө болгон кызыгуу жетеледи десем болчудай. Жума күнү эртеден кечке болуп, айтканын үйрөнүп, оокатын кылып жүрө берчүмүн", — дейт акын. Азамат Болгонбаев окуучу кезинен чыгармачылыкка аралашкандыктан, чоң сахнага чыгуу анын башкы мүдөөсү эле.

Устаттары. Мектепти бүтөрү менен акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырат. "Кызыл диплом менен бүтпөсөм дагы сабакты калтырбаган, агайымдын айтканын аткарган шакирт болдум" дейт. Болгонбаев композитор Насыр Давлесовдон да сабак алган. Бир жылдары ал кишинин кеңеши менен сахнага Азамат Таалай болуп чыккан. 

© Фото / из семейного архива АбдиевыхАкын айтылуу Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев сыяктуу залкарлардан да таалим-тарбия алган.
Майра Керим кызы менен айтышканын унутпайт. Азамат Болгонбаев тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Акын айтылуу Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев сыяктуу залкарлардан да таалим-тарбия алган.

"Насыр агайдын атасынын аты Дөөлөс экен. "Жаш болсом Насыр Дөөлөс деген ат менен чыкмакмын. Сен сахнага Азамат Таалай аталып чыкпайсыңбы" деген эле. Агайдын кеңеши менен Азамат Таалай болуп жүрдүм. Бирок документте Болгонбаев деп жазылгандыктан кыйынчылыктар жаралды. Ошентип Азамат Таалай деп чыкпай калгам", — деди акын. Акын айтылуу Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев сыяктуу залкарлардан да таалим-тарбия алган. "Эстебес агайдын "акындык өнөр чоң эмес, адамгерчилик болмоюн" деп айтканы бар. Устаттарымдын бардыгы биринчи кезекте бизди "акындан мурда адам болгула, өнөрпоздон мурда турмуштун ак-карасын тааный билгиле" деп тарбиялады", — деди Болгонбаев.

Өкүл атасы менен чогуу окуган. Айтылуу акын Элмирбек Иманалиев жашы улуу болсо да Азамат Болгонбаев менен бир курста, бир группада чогуу окуган. Болгонбаев окууну бүтөрү менен "Айтыш" коомдук фонду түзүлөт. Ал кезде Иманалиев ал фонддун төрагасы болчу. "Башка жактан жумуш издебе, фондго катчы бол" деп Болгонбаевди "Айтышта" алып калган. Жумушка алып, өмүрдө да, өнөрдө да акыл-насаатын айткан агасын кийин ал өкүл ата койгон. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАзамат Болгонбаев "Айтыш" коомундагы акындар мектебинин устаты, КР эмгек сиңирген артисти
Майра Керим кызы менен айтышканын унутпайт. Азамат Болгонбаев тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Азамат Болгонбаев "Айтыш" коомундагы акындар мектебинин устаты, КР эмгек сиңирген артисти

Маңдай жарыла сүйүнгөнү. Акын 2018-жылы Улуттук илимдер академиясында Айтматов атындагы тил жана адабият институту "Эгемендүүлүк учурдагы айтыштар" деген китеп басып чыгарганда аябай сүйүнгөнүн айтат. Айтымында, буга чейин акындар илимий жактан изилдене элек болчу. Айтыштар тууралуу да эки эле китеп бар эле. Акындардын ырлары биринчи жолу кагазга түшүрүлгөнүн укканда Болгонбаев маңдайы жарыла катуу кубанган.

Өкүтү. Шайлоого келгенде айрым адамдардын мамлекеттик деңгээлде ой-жүгүртө албай, добушун сатканы аны көп ойлонтот, өкүнтөт.

Үй-бүлөсү. Жубайы Жайнагүл Жекшенбекова Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияны бүтүргөн. Комуз менен ырдайт. Бирок азыркы учурда балдарын тарбиялап үйдө. Акындын Осмон аттуу уулу жана Керемет, Мелмил деген кыздары бар. Мелмил аттуу кичүү кызынын ысымын акын Мирлан Самыйкожонун келинчегинин атынан койгон. 

© Фото / из личного архива Азамата БолгонбаеваАкындын Осмон аттуу уулу жана Керемет, Мелмил деген кыздары бар
Майра Керим кызы менен айтышканын унутпайт. Азамат Болгонбаев тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Акындын Осмон аттуу уулу жана Керемет, Мелмил деген кыздары бар

Учурда. Коомдук биринчи каналдын байкоочу кеңешинин мүчөсү. "Айтыш" коомундагы акындар мектебинин устаты, КР эмгек сиңирген артисти.

Эсинде калган айтышы. Акын Майра Керим кызы менен айтышкан айтыштын баары эсинен эч кетпейт.

Көксөп жүргөн мүдөөсү. Элдик оозеки чыгармачылыктагы ырдалбай калган дастан, терме-санаттарды жаздырсам деген ниети бар. Азыркы тапта Молдобасан Мусулманкуловдун айтуусундагы "Курманбек" эпосун жаздырууга даярдап жаткан кези.

Жаңылыктар түрмөгү
0