Бишкек ТЭЦи

Шаардыктарга жылуулук кантип берилет. ТЭЦтин ичинен тартылган сүрөт

301
(жаңыланган 10:32 30.10.2019)
Быйыл 1-ноябрдан тарта Бишкек шаарындагы көп кабаттуу имараттар менен социалдык объектилерге жылуулук берүү пландалууда.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы Бишкек ТЭЦинде жылуулук кантип иштелип чыгып, шаардыктардын үйүнө чейин жете турганын айтып беришти.

Быйыл 1-ноябрдан тарта жылуулук берүү пландалууда

Бишкек ТЭЦи электр энергиясын иштеп чыгарып, ошол эле учурда жылуулук да берет.

  • Выработка тепла на ТЭЦ Бишкека, которое затем поступает в более 100 тысяч квартир
    "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы Бишкек ТЭЦинде жылуулук кантип иштелип чыгып, шаардыктардын үйүнө чейин жете турганын айтып беришти.
    © Фото / пресс-служба ОАО "Электрические станции"
  • Сотрудники во время работы на ТЭЦ Бишкека, который вырабатывает тепло для более 100 тысяч квартир
    Деятельность ТЭЦ Бишкека
    © Фото / пресс-служба ОАО "Электрические станции"
  • ТЭЦ Бишкека, который вырабатывает тепло для более 100 тысяч квартир
    Быйыл 1-ноябрдан тарта жылуулук берүү пландалууда.
    © Фото / пресс-служба ОАО "Электрические станции"
  • Сотрудники во время работы на ТЭЦ Бишкека, который вырабатывает тепло для более 100 тысяч квартир
    Бишкек ТЭЦи электр энергиясын иштеп чыгарып, ошол эле учурда жылуулук да берет.
    © Фото / пресс-служба ОАО "Электрические станции"
  • Сотрудники ТЭЦ Бишкека, который вырабатывает тепло для более 100 тысяч квартир
    Тазаланган суу өнөр жай жылуулук механикалык жабдуулардын иштеши үчүн керек.
    © Фото / пресс-служба ОАО "Электрические станции"
  • Сотрудники ТЭЦ Бишкека, который вырабатывает тепло для более 100 тысяч квартир
    Химиялык жол менен тазаланган суу буу казандарга түшүп, бууга айланат.
    © Фото / пресс-служба ОАО "Электрические станции"
1 / 6
© Фото / пресс-служба ОАО "Электрические станции"
"Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы Бишкек ТЭЦинде жылуулук кантип иштелип чыгып, шаардыктардын үйүнө чейин жете турганын айтып беришти.
"Бишкек ТЭЦи сууну Чоң Чүй каналы менен "Шаарсууканалдан" алат. Бирок ал буу казандарга түшкөнгө чейин бир нече химиялык этаптан өтөт. Анын сапаты дарыканада сатылган дистрленген суудай. Мунун баары химиялык цехте электр энергиясын иштеп чыгуу жана жылуулук берүү үчүн жасалат", — дешти маалымат кызматтан.

Бишкек ТЭЦи. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Тазаланган суу өнөр жай жылуулук механикалык жабдуулардын иштеши үчүн керек. Химиялык жол менен тазаланган суу буу казандарга түшүп, бууга айланат. Казан мештин бийиктиги 32 метр. Мештерди ысытуу үчүн көмүр, газ жана мазут жагылат. Кышында суук 20 градуска жеткенде казан мештердин толук иштеши үчүн суткасына 8-9 тонна көмүр сарпталат.

Шаардыктардын үйүн жылытуу үчүн колдонулган суу кайта ТЭЦке келет. Үйлөрдү жылуу кармап туруу үчүн саатына 17 миң тонна сууну айлантып туруу керек. Системаны толук ишке киргизүүгө үч сутка кетет. Жылуулук ТЭЦке жакын жайгашкан үйлөргө биринчи келет.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
301
Белгилер:
Бишкек, жылуулук, ТЭЦ
Тема боюнча
Бишкекке жылуулук берилчү болжолдуу күн айтылды
Соронбаев: жылууланбаган үй 5 саатта эле муздап калат